- Габор мырза, сиздин атаңыз Рудольф 1927-жылы Таласта төрөлгөн экен, андан кийинки ал кишинин өмүр баяны кандайча уланды?
- Менин атам ырасында эле ушул жерде төрөлгөн. Бирок бул жакта 2 жыл гана жашап, андан кийин Чехословакиянын Кашица шаарына көчүп кетишкен экен. Кийин анын өмүрү да ушул аймак менен байланышта өттү. Тышкы соода чөйрөсүндө иштегендиктен, бул жакка айыл-чарба продукциясын кайра иштетүүчү жабдууларды сатууга катышкан.
- Сиздин атаңыз Таласта төрөлдү, сиз Будапештте төрөлдүңүз, эми Талас менен Будапешттин мындан аркы байланыштары кандай болот? Экономикалык байланыш болобу, маданий байланыш болобу?
- Биз мындан ары Талас менен да, Бишкек менен да, бүтүндөй Кыргызстан менен иштейбиз. Былтыр келгенимде Бишкек шаары менен өз ара кызматташтык боюнча меморандумга кол койгонбуз. Бул меморандум бир нече багыттан турат. Мында маданият, ѳнѳр үйрөтүү, соода-экономикалык кызматташтык каралган. Ошол меморандумга ылайык быйыл июнь айынын аягында Будапештте Кыргызстандын күндөрү өтөт. Биздин шаардын жашоочулары Кыргызстандын маданияты, музыкасы, тарыхы менен тааныша алышат.
- Былтыр Таласка 5-июнда келдиңиз, быйыл 6-июнда келдиңиз. Эмдиги жылы дагы Талас эли күтөлүбү, ушул убакта?
- Таласка жыл сайын келип турууга шартым болбойт го. Тескерисинче, силердин губернаторду июндун аягында Будапештке келип кетүүгө чакырдым. Ал жерде биздин аймактардын жашоочуларынын турмуш деңгээлин көтөрүү боюнча тажрыйба алмашабыз. Менин оюмча биз, жетекчилер, эл турмушун жакшыртуу багытында саясий байланыштарды эмес, соода байланыштарын, ишкерлердин байланыштарын бекемдешибиз керек. Өз ара инвестициялык байланыш түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, бир кезде үзүлүп калган алакаларды калыбына келтиришибиз зарыл. Дагы бир айта кетчү нерсе - Венгрия 2004-жылдын май айында Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кабыл алынат да, Будапешт шаары Европа Биримдигине мүчө болбогон айрым өлкөлөргө маалымат жагынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай ишти биз мурда Дүйнөлүк Банктын жардамынын аркасында ишке ашырып келгенбиз. Эми болсо бул ишке Европа Биримдиги көмөк кѳрсѳтѳт. Кошумчалай кетчү дагы бир жагдай - Кыргызстандагы «Интернельпо» кыймылына менин чоң атам катышкан эмеспи. Ошолор боюнча китеп жазгым келип жүрөт. Мындан тышкары, сиздердин аймакка чет элдик туристтерди тартыш керек. Анткени силердикине окшогон табият дүйнөнүн башка жагында эч кездешпейт. Ошондуктан ишкерлерди, акчасы көп адамдарды бул жакка кызыктырып, бош убактыларын ушул аймакта өткөргөнгө тартуу зарыл. Бул ишке мен өзүм дагы кам көрүп, жардам берем. Анткени мен «Венгрия-Кыргызстан» достук коомунун президентимин.