"Азаттыктын" Тегерандагы кабарчысы билдиргендей, бир нече университетти жеке менчиктештирүү планына байланыштуу кечээ Тегеран университетинин жатаканасында башталган нааразылык акциясында жүздөгөн студенттер полиция менен кагылышты. Кагылышуу тууралуу кабар тараганда, Тегерандын борбордук аянтында миңдеген киши чогулуп, өкмөткө, анын ичинде президент Мохаммад Хатамиге, ошондой эле өлкөнүн эскичил диний бийликтерине жана Америкага каршы ураан чакырышты.
Биздин кабарчынын маалымдашынча, полиция демонстранттарды желим ок менен атып таркатты. Жапа чеккендер, же кармалгандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Биздин кабарчынын маалымдашынча, полиция демонстранттарды желим ок менен атып таркатты. Жапа чеккендер, же кармалгандар тууралуу маалымат түшкөн жок.