Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Бишкекте Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйыны болду


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүндө вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйыны болду. Анда 1994-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн Борбор Азиялык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Банкын былтыр Казакстандын Улуттук Банкы кудуретсиз деп тапкандан кийинки маселелер каралды. Маалымат боюнча, банктын уставдык капиталы 9 млн. доллар болуп, анын ичинде Кыргызстандын үлүшү 3 млн. доллар болгон. Бирок Кыргызстан бул банктан өкмөттүн кепилдиги менен 10 млн. доллар кредит алган. Эми азыр бул кредитти кайтарууда маселе чыгып атат. Жыйында кыргыз өкмөтү бул кредитти сотко жеткирбей төлөш үчүн комиссия түзүп, маселени иликтөөгө кирише тургандыгы айтылды.

XS
SM
MD
LG