Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Баңгизат соодасы боюнча региондо коркунуч басаңдаган жок


БИШКЕК. Ушул жылдын башынан бери Кыргызстандын аймагында 40 килограмм героин кармалды. Бул өткөн жылга караганда аз болгон менен, абал оңолуп кеткен жок. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук кызматынын баңгизат бизнесине каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Мадыбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, баңгизат соодасы боюнча башкы коркунуч Ооганстандан болууда. Ал жерден чыккан баңгизаттардын көбү быйыл Өзбекстан аркылуу өтүп, Кыргызстандын тартип коргоо органдары анын 1% гана кармап жатышат. Баңгизат соодасы, бажы, чек ара кызматкерлеринин арасындагы коррупция жана чек ара аркылуу мыйзамсыз каттоо маселеси КМШ мамлекеттеринин Коопсуздук кызмат жетекчилер кеңешинин 3-4-июнда Ереван шаарында өткөн жыйынында талкууланды. Мухтарбек Мадыбаевдин айтымында, тараптар бул боюнча маалымат алмашууну чечип, кармалган баңгизаттардын үлгүлөрүн алмашуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

XS
SM
MD
LG