Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫГЫ, УЛУТТУК БАНКТЫН КӨРСӨТМӨСҮ


Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кеңешмеси, жогорку окуу жайларынын проблемасын талкуулаган ЮНЕСКОнун жыйыны Бишкекте өттү. Республикадагы коммерциялык банктар отчетторун өкмөттүк эки гезитте жарыялашын талап кылган Улуттук Банктын буйругу мыйзамга туура келеби? Республиканын коомдук-саясий турмушундагы күндөлүк окуялар кыргыз басылмаларында кандай чагылдырылууда?

Евразия мамлекеттеринин Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн кезектеги отурумуна бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Людмила Павлович токтолду. Уюмдын жыйынында Стамбулдан Алматыга чейин жүргүнчүлөр каттамын уюштуруу маселеси талкууланды. Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин аймагы аркылуу өткөн кара жол менен азыр жүк ташылууда. Расмий Бишкек Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушуна ынтызар.

ЮНЕСКОнун колдоосу менен Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин Бишкектеги симпозиумунда билим берүүнүн европалык стандартына өтүү маселеси талкууга алынганы Кыргызстандын эл аралык университетинин ректору Асылбек Айдаралиевдин макаласында кеп болот.

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Амангелди Муралиевдин ушул эле гезитте жарыяланган маегинде баалуу кагаздар базарынын маани-жайында кеп жүрөт. Анын айтымында, республикада бизнес жасоонун жөнөкөй түрү - арзан алып, кымбат сатуу оожалууда. Калктын көпчүлүгү баалуу кагаздарга маани бербейт. «Батыштагы ишкана, фирмалардын акциясы жүгүртүлүп турат, - дейт Амангелди Муралиев. - Биздин «Кыргызтелекомдун» 900 миң даана акциясы бар, бир акциянын наркы 5 сом. Акчасы барлардын алыш-беришке катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок ага көңүл буруп, баалуу кагаздар базарына катышкандар аз, көпчүлүк ишкерлер товар алып-сатканды жакшы көрүшөт. Тамеки сатып, пайда тапкандан көрө баалуу кагаз базарынан көбүрөөк пайда табууга болот».

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» алтын кениндеги үлүшүн канадалык компанияга биротоло сатуу маселесин ойлонуп аткан чагы. «Антиши туурабы?» деп, «Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысы Гүлнара Калыгулова бир топ ишкерлерге кайрылган. Алардын «республиканын байлыгы сатылбаш керек» деген жообу гезиттин жаңы санында жарыяланган. Басылманын бейшембидеги санында жарыяланган маегинде «Интерньюстун» Кыргызстандагы аткаруучу директору Элвира Сариева ушу тапта Кыргызстанда 40тан ашуун өз алдынча телерадиокомпаниялар иштеп атканын маалымдайт.

Басылмада республикадагы коммерциялык банк жетекчилеринин пикирлерине да орун берилген. Улуттук Банктын токтому менен коммерциялык банктар кварталдык жана жылдык отчетторун «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттеринде гана жарыялашы милдеттендирилген. Коммерциялык банк жетекчилери «отчетту өкмөттүк гезиттерде гана жарыялоо банк жөнүндөгү мыйзамга туура келбейт» деп эсептешет.

Башкалаанын 125 жылдык мааракесине даярдыктар көрүлүп, салтанат «Алатоо» аянтынан башталып, «Спартак» стадионунда жыйынтыкталаары бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде маалымдалды. Чүйдүн Калинин айылынын жашоочусунун короосунан баалуу тарыхый табылга - Чыңгызхан доорунан калган кумган табылганын Артем Петров ушул эле гезитте кабарлайт.

«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Аскер Сакыбаеванын айтымында, басылманын жаңы санында президент А. Акаевдин Кыргызстандагы өткөөл мезгилдин экономикасын талдоого алган китеби тууралуу окумуштуу Карыбай Турусбековдун сын макаласы жарыяланууда. Басылмада Мелис Эшимкановдун еврейлер тууралуу макаласы, белгилүү дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин Далай-Лама менен жолугушканы тууралуу маеги, жаңыланчу Шайлоо кодекси, Казакстандан куулган кыргыз, өзбек, тажик жарандары тууралуу макалалар жарыяланмакчы.

«Аалам» гезитинде укук коргоочу Турсунбек Акундун Мелис Эшимкановдун саясий иш-аракеттерин талдоого алган макаласы, парламент депутаты Асан Райымкуловдун ишмердигин баяндаган материал, экс-министр Муратбек Иманалиев түзгөн жаңы партия жөнүндө ой толгоо жарыяланууда. Бул туурасында басылманын башкы редакторунун орун басары Нургазы Анаркулов маалымдады.
XS
SM
MD
LG