Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

БУТПАРАСЧЫЛ ТАЙЛАНДДА ИСЛАМЧЫЛАР КАРМАЛДЫ


Үстүбүздөгү жуманын башында Тайланддын коопсуздук күчтөрү төрт ислам согушчанын камакка алды. Ырасмий маалыматтарга караганда, алар Сингапурдагы жана Тайландагы чет элдик элчиликтерде жана курорт жайларда жардырууларды уюштурууну пландаштырган деп шектелүүдө. Ал эми байкоочулар Түштүк Чыгыш Азияда мусулман мамлекетин курууну алдына максат кылып койгон “Жемаа Исламия” уюмунун мүчөлөрүнүн кармалышы ислам региондун коопсуздугу жана экономикасы үчүн коркунучтуу күчкө айланып баратканын күбөлөйт дешет.

Ислам Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтун булагына айланып барат. Апта башында Тайланддын полициясы өлкөнүн түштүгүндөгү Наративат провинциясында төрт мусулман согушчанын камакка алды. Малайзияга чектеш бул провинцияда Тайландда азчылыкты түзгөн мусулмандардын негизги бөлүгү жашайт.

Тайланддык согушчандар 16-майда Сингпаурда колго түшкөн Арифин бин Алинин көрсөтмөсү боюнча кармалган.

Теги сингапурлук, улуту кытай Арифин бин Али эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарына Жон Вонг Аа Хунг деген ат менен да белгилүү.

Төрт согушчан Бангогтогу жана Сингпарудагы беш өлкөнүн, (Ройтердин кабарлашынча) анын ичинде АКШ, Австралия жана Британиянын элчиликтеринде, ошондой эле Тайланддын чет элдик туристтер көп келчү эки курортунда бомба жардырууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Согушчандар, ырасмий маалыматка караганда, “Ал-Каида” менен байланыштагы “Жемаа Исламия” тобунун мүчөлөрү. Бул группанын максаты Филиппин, Индонезия, Малайзия, Тайланд жана Сингапур мусулмандарын бириктирген мусулман мамлекетин куруу.

Региондун коопсуздук кызматтарынын ырасташынча, Арифин “Жемаа Исламияга” 1990-жылдын баш ченинде кошулган. Ал 1999-жылы Филиппиндин түштүгүндө мусулман мамлекетин түзүү үчүн күрөшкөн Моро ислам эркиндик фронтунун базасында аскерий-диверсиялык өнөрдү үйрөнүп, устаздыкка жетишкен.

2001-жылдын аягында Сингапурдун коопсуздук күчтөрү “Жемаа Исламиянын” АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүнө караштуу обьектилерди жардыруу планынын бетин ачып, уюмдун айрым мүчөлөрүн камакка алганда, Арифин коңшулаш Тайландга өтө качып, изин жашырып кеткен.

Маалымат булактарынын билдиришинче, 2003-жылдын башына чейин “Жемаа Исламия” көп деле активдүү эмес болчу. Бирок, өткөн жылы “Ал-Каиданын” регион боюнча жетекчиси Рудиян Исамудин бутпарасчыл Тайландда кыска мөөнөт болуп кеткенден кийин исламчылар Малайзия, Сингапур, Индонезия, Филиппин жана башка өлкөлөрдө өтө активдүү боло баштаган.

Өткөн айда коңшулаш Камбоджада эки тайланддык жана бир мисирлик эл аралык тероризм жана “Жемаа Исламия” менен байланышы бар, ошондой эле региондо террордук чабуулдарды уюштурууну пландаштырган деп күнөөлөнүп кармалды. Анын артынан эле медресе-интернаттарга көмөк көрсөтүп жүргөн вахаби-арабадар мекенине жөнөтүлгөн.

Ошондуктан, Исамудиндин жакын адамы эсептелген Арифин бир Алинин колго түшүүсүн Түштүк Чыгыш Азиянын коопсуздук кызматтары чоң ийгилик катары баалашты.

Тайланддын бийликтери акыркы жумаларга дейре чет элдик чалгындоо кызматтарынын өлкөдө мусулман террорчулары активдүү иштөөдө деген маалыматын жокко чыгарып келген.

Премьер-министр Таксин Шинаватра да чет элдик туристтерди жана инвесторлорду коркутуп албас үчүн Тайландда террорчулар жок деп ырастап жүргөн. Шинаватра бирок шаршемби күнү Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен болгон кездешүүдө мурдакы сөзүнөн тайып, өлкөдө “Жемаа Исламиянын” жоош-момун тарапкерлери бар экенин мойнуна алды.

Тайланддагы окуяга катар эле АКШнын өкмөтү Европадагы жана Азиядагы маанилүү 20 деңиз портун текшерүүгө өз инспекторлорун жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Алардын ичинде Малайзия, Түркия жана Перс булуңундагы мусулман падышалыктарынын порттору да бар.

Инспекторлор АКШга баруучу кемелерге жүктөлчү контейнерлерге химиялык, биологиялык же ядролук куралдардын салынбасына көз салышат.
XS
SM
MD
LG