- Жакында эле Жогорку Кеңеш улуттук оюндар боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Бул дагы кылымдардан бери мурас болуп келаткан элдик оюндарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө жакшы шарт түзмөкчү.
Майрамдык салтанатты төкмө акындар коштоп турушту. «Аккула» ат майданындагы кыз куумай мелдешинде жалалабаддык Айсулуу Райымова, оштук Наргиза Садырова, көлдүк Ольга Неманина, бишкектик Люда Четманская жана нарындык Таалайкүл Абдывалиева аргымактарын алкынтып, жигиттерге жеткирбей ичин күйгүздү. Нарын облусунун командасын жетектеп келген Имаш Асанов мындай деди:
- Нарындын командасы спорттун 10 түрү боюнча атаандашып жатат. Күлүктөр да, жигиттер да табында. Кимдер жеңишке жетишээрин мелдеш көрсөтөт. Биз дагы мурдакыдай байгелүү орундарга жетсек деп үмүт кылып турабыз.
Оодарыштан алгачкы таймашта чүйлүк жигиттер Нурлан Молдокулов менен Аскат Момункулов ийгиликке жетишти. Көкбөрү боюнча да Спартакиаданын мелдештери курч мүнөздө өтүүдө. Мында чүйлүктөр жалалабаддыктарды 8:0 эсебинде жеңсе, Нарындын командасы Чүй облусунун улакчыларын 4:1 эсебинде утуп алышты. Ордо, тогуз коргоол боюнча да мөрөй талашуулар улантылып жатат. Ордодон бишкектиктер чеберчилигин көрсөтүшүүдө. Тогуз коргоолдон кыздардан көлдүктөр алдыда болсо, жигиттерден бишкектик Касымов айырмаланууда.
Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналган III Спартакиаданын ат оюндары жана финалдык таймаштары 13-14-июнда улантылат.