Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Брюсселде Орусия-НАТО жыйыны болуп өттү


Брюсселде бүгүн Орусия-НАТО Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү жана анда эл аралык террорчулукка каршы көрүлө турган чаралар талкууланды. Жыйындан кийин НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон аны ийгиликтүү болду деп билдирди: "Террорчулук, ракеталык коргонуу жана аскерий реформа сыяктуу тармактарда биз чыныгы прогресске жетиштик". Жыйын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Брюсселде АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолукту. НАТО уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери кечээ күнү жыйын өткөрүп, уюмдун жетекчилигин реформалоого макул болушту, алардын пикиринде, НАТОнун жетекчилик органдарынын түзүлүшү жаңы заманга төп келүүгө тийиш.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG