12-июнга караган түнү Тегеранда полиция менен демонстрацияга чыккандардын ортосунда кагылышуу болуп, ондогон адам жараат алды. Бир нече күндөн бери уланып келаткан митингдерге негизинен студенттер катышкандыктан, полиция Тегеран университетинин жатаканаларын курчоого алган, бирок студенттер ал курчоону түндө бузууга аракеттенди. Демонстранттар бийликтин алмашылышына чакырып, аятолла Али Хаменеинин кызматтан кетишин жана аны жоопко тартууну талап кылууда. Кечээ кечинде аятолла сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, тартип бузгандар сөзсүз жазаланат деп билдирди жана анын айтымында, элдик толкундоолор АКШнын шыкагы менен башталды.