Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Талас шаардык кеңеши менен шаар прокуратурасынын ортосунда талаш курчууда


ТАЛАС. 2000-жылдын сентябрынан бери ушул убакка чейин шаардын мурдагы башчысы Ашыралиевдин, азыркы мэр Сатыбалдиевдин буйруктарына таянып, чиновниктер мамлекеттик казынанын каражаттарын жеке менчик «Айбек» кайрымдуулук фондуна туура эмес берип келгендигин Эсеп палатасы таап чыккан. Ошол фактыларга таянып, Талас шаардык прокуратурасы «шаар башчыларынын буйруктарын жокко чыгарып бергиле» деп, маселени шаардык кеңештин XXI сессиясынын күн тартибине киргизген эле. Бирок, депутаттар кызыл чеке болуп жатып, маселени күн тартибине киргизбей коюшкан. Шаардык прокуратура эми өз укуктарынын чегинде маселени сот органдарына жөнөтмөк болду. Бул маалыматты Талас шаардык прокуратурасы бүгүн ырастады. Кошумчалай кетчү жагдай - шаар бюджетинен менчик «Айбек» фондуна 2000-жылдын сентябрынан бери 476 миң сомдон ашуун каражат которулган.

XS
SM
MD
LG