Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

14-июндан тарта Кытай менен Кыргызстан каттамына виза тартиби киргизилет


БИШКЕК. Эртеңден баштап Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара каттам визалык тартипте жүрө баштайт. Бул тууралуу макулдашууга былтыр 24-июнда президент Аскар Акаев Кытай Эл Республикасына барган кезде кол коюлган. Макулдашууга ылайык Кытайга каттоону каалаган, жарандык тууралуу жалпы паспортко ээ болгон кыргызстандыктар жана Кыргызстанга каттоону каалаган, жалпы жарандык, ошондой эле жалпы жарандык-кызматтык паспортко ээ болгон кытайлыктар виза алууга милдеттүү. Ал эми кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар кыргызстандыктар жана кытайлыктар визасыз каттоо укугуна ээ. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысы Эрик Бейшенбиев билдирди. Анын айтымында, виза тартиби каттамдарды иретке келтирүү максатында киргизилди. Буга чейин өз ара каттамдар постсоветтик мезгилде түзүлгөн макулдашууга ылайык ишке ашып келген.

XS
SM
MD
LG