Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

АЛТЫН ТҮЙҮНҮ, ӨЗГӨРҮЛМӨ КОНСТИТУЦИЯ, БИШКЕКТИН МААРАКЕСИ


Бишкек шаарынын 125 жылдыгы кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында жазылды. Айрым басылмаларда башкалаанын жаңыланышнаы, көчөлөрдүн оңдолушуна мактоолор айтылды. Майрам салтанатына тушташ «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаш деле токтолгон жок. «Кыргызалтын» концернинин жетекчилиги алтын кенин бир колго өткөрүп берүү маселесине түшүндүрмө берүүдө.

«Кыргызалтын» концерни тууралуу сын материал жарыялаган «Вечерний Бишкек» шаардык гезитине жооп кылып «В конце недели» жумалыгы Камчыбек Кудайбергеновдун маегин жарыя кылды. «Кыргызалтын» концернинин президентинин айтымында, Кыргызстан «Кумтөр» алтын кенинен башында үмүт кылган киреше алалган жок. Кенди иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси боюнча, республика буга чейин 188 миллион доллар пайда көрүшү керек. Азырынча казынага түшкөнү 63 миллион долларды гана түздү. К.Кудайбергеновдун айтуусу боюнча, күткөн натыйжанын чыкпай калышынын 3 себеби бар. Биринчиден, алтындын дүйнөлүк баасы кескин төмөндөп кетти. Экинчи себеби - башкы келишим түзүлүп атканда кыргыз тарап бир топ ката кетирген. Кыргызстан алтын кени киреше бере баштаганда гана тиешелүү үлүшүн алууга макул болуп, канадалык компанияга өтө көп салык жеңилдиктерин берген. Үчүнчү себеби - канадалыктардын кен курулушу мурда белгиленген негиздемеге караганда 176 миллион долларга кымбатка түштү. Учурда «Камеко» компаниясы кенди толугу менен өз колуна алып, кыргыз тарапка тиешелүү жөнөкөй акцияларды өзгөчөлүү түргө өткөрүп, 170 миллион доллар киреше убада кылып, акция ээлерине 69 миллион доллар, бюджетке салык катары 101 миллион доллар төлөп берүүгө убада берүүдө. «Кыргызстан тарап азырынча жаңы сунушка ачык жооп бере элек», деп маалымдайт К.Кудайбергенов.

Гезитте Конституциянын өзгөрүлүп турушу тууралуу укукчу адис Ж.Тогойбаевдин макаласына да орун берилген. Автордун пикиринде, Конституция жаңыланган турмушка ылайык тез-тез өзгөрүп турушу керек. «Кыргызстандын жаңыланган Конституциясында президенттин абсолюттук вето коюу укугун калтырып коюу туура болмок», деп эсептейт Ж.Тогойбаев.

Чет өлкөгө алданып барып ит көрбөгөн кордукту көрүп келишкен кыргыз кыздарынын баяны Аида Кулманбетованын «Бишкек таймс» гезитинин жума күнкү санындагы макаласында жарык көргөн.

Жума күнкү «Заман Кыргызстан» гезити кыргыз тилинин проблемасына кайрылды. Памирбек Казыбаевдин «Кыргыздын кызыл байрагын көтөргөндөр» аттуу макаласында эки улуу инсан – Алыкул Осмонов жана Камбаралы Бобулов тууралуу кеп жүрөт. «Камбар агага топурак салып жатканда кыргыз тилинин мамлекеттүүлүгүнө кошо топурак салынып жаткандай сезилгени селт эттирди, - деп жазат автор. – Анткени, Камбар агачалык ага эч ким күйбөстүгү, андай алакөөдөндүк менен эрдик жасабастыгы, жасаса да бардыгын балакет баскан саясатка ылайыгы келсе да, келбесе да сасыткы кылып бастырып берээри безге сайып турду». Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимов гезитте жарыяланган маегинде республиканын ургаалдуу өнүгүшү үчүн үч жагдай себеп болооруна токтолгон. Биринчиси - өнүккөн өлкөлөрдүн жардамы. Экинчиси - жаныбыздагы коңшулар. «Кедей, эскиче башкарган мамлекеттер бизге коркунуч гана алып келет», дейт Бакыт Бешимов. Үчүнчү жагдай - коомдун ички абалы, азырынча аны мыкты деп айтыш кыйын. Элдин моралдык жактан бузулушу, жырткычтык мамиленин үстөмдүгү, жикчилдик кыргыз коомунун эртеңкиси тууралуу кабатырлантпай койбойт.

Бишкектин 125 жылдыгына карата «Вечерний Бишкек» гезити шаар башчылары тууралуу маалымдаманы жарыялады. Шаар башчынын отурган жайында буга чейин башкалааны башкарып келгендердин 33 портрети илинген. Бирок бул тизме толук эмес. Илимпоз Малабаевдин айтуусунда, 200 жыл ашуун тарыхы бар шаарды башкаргандар 40тан ашат. Бишкектин биринчи старостасы орус чиновниги Пушниковдун ордун Илья Терентьев ээлеген. Анын шаардагы жападан-жалгыз эки кабат жыгач үйү ушу азыр да сакталуу.

Башкалаанын майрамы тууралуу «Эркин тоо» , «Кыргыз туусу» гезиттери да апта аягындагы сандарында көлөмдүү материалдарды жарыялашкан. Президент А.Акаев башкалаанын каадалуу мааракесинин урматына Бишкекти I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаганын расмий гезиттер чагылдырышты.
XS
SM
MD
LG