Ражи ат-Тикрити – Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн туулуп-өскөн жана анын таасири күчтүү чөлкөмдөн чыккан адам болгон. Медицина тармагында 40 жылча үзүрлүү эмгектенген догдур сөөк ооруларын дарылоо боюнча бир нече илимий китеп жарыялаган. Ошондой эле ат-Тикрити 1978-жылдан тарта он жыл бою Ирактын медициналык кызматтарын башкарып, 1990-жылдан баштап соттолгонго чейин өлкөнүн Медициналык ассоциациясынын президенти болуп турган. Бара-бара бийликтегилердин ишенимине кирип, ысымы элге тарай баштаган Ражи ат-Тикрити бирок, эч качан Саддамдын "Баас" партиясына мүчө болгон эмес.
Атасы түрмөгө камалып, өмүрүнөн ажыратылганда 20га жаңыдан караган ат-Тикритинин улуу баласы ал-Мухаммед ат-Тикрити ал кезде Саддам жансактай далбастап, эч кимге ишенбей баарынан коркуп жашап калганын айтат.
Чын-чынында Саддам эч бир дарыгерге өзүн жалгыз калтырып карап, саламаттыгын текшертүүгө, же дарыланууга макул болуп көргөн жан эмес. Ооруп калса, дароо ичиш керек болгон дарыны да лабораторияга текшерүүгө жиберип турчу.
Арка-белдин ар кандай ооруларынан жабыр тарткан Саддам үйүнө каалаган учурда беш догдурдун улам бирин чакырып алып турчу экен. Ал-Мухаммед ат-Тикритинин айтымында, анын атасы Саддамдын эң ишенимдүү адамы болгондуктан, экс-диктатор кээде аны бассейнде бирге сууда сүзүүгө чакырып турган. Күтүүсүз убакта кармай калчу катуу бел оорусунан улам, ат-Тикрити бир ирет Саддам Хусейнди резиденциясында жер астындагы бункерде дарылаганын уулуна айтып берген. Бирок, үйүндө саясат жөнүндө ооз ачпаган Ражи ат-Тикрити өлгөндөн кийин анын жакындары иш столунан тапкан документтерге караганда, ал чындап эле 90-жылдардын башында Саддам Хусейнди бийликтен кетирүүгө умтулган төңкөрүшчүл кыймылга кошулган.
1993-жылдын июль айында Иорданияга Ирактын Медициналык ассоциация башчысы катары дарс окууга барган Ражи ат-Тикритини ошол жерден Багдаддык элчи тозуп алып, айрым бир шектүү иштерге байланыштуу мекенине кайтууга көрсөтмө берген. Ал-Мухаммед ошондо эмне үчүн атасы чет өлкөгө кетип калбастан, Иракка кайтып келгенине бир чети түшүнбөсө, ичинде атасы өз жанын ойлоп качып кетсе, Саддамдын режими анын үй-бүлөсүн, жакындарын жазаламак экенинен күмөн санабайт. Окуянын кай тарапка бурулганын аңдап-билип, мекенине кайтып келаткан Ражи ат-Тикритини Багдадга кире бериштеги көзөмөл пунктунда токтотушуп, дароо түрмөгө алып кетишкен. Ирактыктардын көбү күтүүсүз жерден дайынсыз жоголгон таанымал догдур, Саддамдын жеке дарыгери Ражи ат-Тикритини кийин түрмөдө жапайы иттер тирүүлөй тытмалап жегенин айтып чыгышкан. Бул коркунучтуу аңгеме кайдан пайда болгонун ким билсин, а бирок маркумдун улуу баласы ал-Мухаммед Ражи ат-Тикрити андай сөздөрдү бүт бойдон төгүнгө чыгарды:
- Ооба, 93-жылдын январь айында өлүм жазасы аткарылган соң, атамдын сөөгүн үйгө алып келишкен. Мойну узарып, бети кызыл-көк тартып калган экен, бирок анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун тактары болгон эмес.
Аңгемесинин аягында ал-Мухаммед бийликтегилер атасын мусулмандардын шарттарына ылайык жерге берүүгө уруксат бербей койгонун баяндайт. Ал ошондой эле атасынын камакка алынышына себеп болгон башкы жагдайлар жана анын түрмөдө өткөргөн күндөрү тууралуу чындыкты билгиси келээрин айтат. Арийне, Багдадга коалициялык күчтөр киргендеги башаламандыктан пайдаланып, Ирактын жашыруун кызматтарынын даректүү кагаздарын, мурдагы архивин толугу менен кимдир-бирөөлөр кытып кетишкен.