БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын бүгүн өтмөкчү болгон III курултайы партиянын лидери, 19-колонияда абакта жаткан Феликс Куловдун каалоосу менен келерки аптага жылдырылды. Партиянын штаб башчысы Эмил Алиевдин бүгүнкү маалыматына караганда, Феликс Кулов партиялаштарына курултай өтө турган күн Бишкек шаарынын 125 жылдыгын белгилөө күнүнө туш келип калгандыктан, аны келаткан аптада өткөрүүнү сунуштаган. «Кулов «курултайдын бүгүн өткөрүлүшү бийликтин демилгеси менен өтүп жаткан майрамга атайын тоскоолдук катары кабыл алынышы ыктымал» деген пикирин билдирди жана биз аны туура көрдүк», - деди Эмил Алиев.