Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Бишкекте постсоциалисттик өлкөлөрдөгү абал талкууланат


БИШКЕК. 18-20-июнда Бишкекте постсоциалисттик коомдордун экономикалык жана маданий келечегине арналган эл аралык конференция өз ишин баштайт. Жыйынга АКШнын, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана посткоммунисттик мамлекеттердин белгилүү социолог-окумуштуулары катышат. Конференцияда жарандык коомду куруу жана өнүктүрүү, улуттук аңсезим, демократия жана ислам, социалдык жана гендердик теңсиздик маселелери, базар экономикасына өтүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө кеңири сөз болот. Бул тууралуу Борбор Азиядагы америкалык университеттин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG