Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

БАТКЕН ОКУЯСЫНДА КУРМАН БОЛГОН ЖАЛАЛАБАДДЫК ЖИГИТТЕРДИН ЖАКЫНДАРЫНА КАМКОРДУК ОЙДОГУДАЙ ЭМЕС


Ырысбай Абдраимов, Жалалабад Баткен аймагына исламчы жоочулар кол салганда Кыргызстандын көз каранды эместиги үчүн күрөшүп курман болгон эр жигиттерди эскерүү, жарадар болгондор менен шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө камкордук көрүү жыл өткөн сайын эстен чыгып бараткандай. Баткен коогалаңынан алты саны аман кайткандардын көпчүлүгүнүн жумушу жок, алган айлыгы белгисиз. Кээлеринин үстүндө үйү жок. Бийлик ээлерине кайрылып, жарытылуу жооп ала албаганына нааразы болгондору көп.

Атамекенибиздин Баткен аймагына мындан үч-төрт жыл мурун эл аралык исламчы жоочулар кол салганда, Жалалабад облусунан ал коогалаңга 2000 эр жигит катышкан. Алардын 14ү террорчулардын огунан каза таап, 13 жоокер жарадар болгон. Өлкөбүздүн эгемендигин коргогон атуулдардын бүгүнкү жашоосу ойдогудай эмес. Көпчүлүгү жумушсуз, үй-бүлөсүн бага албай, аргасыздан ырыскысын Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн издегендери бар. Баткен кыраандарынын Жалалабаддагы өкүлү Жалил Сатибаев Ооган согушунун ардагерлеринин кийлигишүүсү менен үй курууга 6 сотке жер алган. Үй-бүлөсү менен карыган энесин чеке жылытып бага албаганына, жашы 42ге толсо да, үстүнө үй бүтпөй, жашоого жетиштүү айлыгы бар жумуш тийбегенине, Баткен окуясында курман болгон башка жигиттердин эстеп чыгып кеткендигине капа. Баткен аймагына террорчулар келгенде жетекчилер чоң убадаларды беришип, көп нерседен үмүттөндүргөн экен.

- Мен түшүнбөй калдым азыр. Мейли путевкасын деле бербесе, ушул коммуналдык жардам беришсе жакшы болот эле. Көп жолу Коргоо министрлигине, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине арыз жаздык. Эч кандай чечим чыкпай калды, кимге кайрылышыбызды билбей калдык, - деди Жалил Сатибаев.

Сузак районундагы анын куралдашы Амиракулов Аман Баткенден кайткандан бери түрдүү ооруларга кабылып, дарылануу кыйынга турганын, медициналык экспертизадан өтүүгө да каражат жагынан каржалганына даттанды. Ооган апаатына жана Чернобыль кырсыгына катышкандарга каралган жеңилдиктердин куралдаштарына да берилишин өтүнүп, жергиликтүү уюмдардан тартып, Коргоо министрлигине, кыргыз өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке чейин кайрылганынан майнап чыкпаптыр. Ал адилеттүүлүктүн болооруна ишенбегендигинен, өз ой-пикирин бөлүшүүдөн да баш тартты.

- Баткен алааматында болгондорго жасалган мамиледен улам, «биздин өлкө мамлекеттин башына кыйын күн түшкөндө гана эр-азаматтарын эстейт окшойт» деген пикирге келесиң, - дейт Ооганстан жана локалдык согуш ардагерлеринин облустук уюмунун жетекчиси Самат Исакунов. Азыр көбүнчө ал жигиттер ооруп жүрүшөт. Ооруканага барса жеңилдиги жок, дары-дармек ала албайт, социалдык коргоо уюмунунан жардам берилбейт. Жеңилдик берилбегени үчүн булар ар кайсы тарапта жүрүшөт. «Баткенде согушка катышкан адамдар тажик-ооган чек арасында кызмат кылган жоокерлердин катарында жеңилдик алышат» дешти эле, бирок ал маселелер азыр каралбай атат. Азыр тажик-ооган чек арасында кызмат кылгандардын жеңилдиктерин да жок кылып атышат.

2000-жылы Кадамжай районундагы Сырт жайлоосунда террорчулар менен кармашууда каза тапкан Мелис Төрөбековдун Кочкората шаарында жашаган бир туугандары Назира менен Айжамалдын турмуш-жайынан кабар алган мекеме жок. Мекенди коргоого өз ыктыяры менен аттанган Мелисти өзү окуган шаардагы № 15-орто мектептин жамааты эскерип, эстелигине гүл коюп турат. Кесиби бухгалтер Назира бир жылдан бери жумушсуз. Агасы окко учкан соң, иниси Төрөбеков Эрнисти аскер окуу жайында окутууга убада кылган аскер комиссариаты «орун толуп калыптыр» деген жооп угузуп, убадасы куру сөз бойдон калган. 23 жашында жайраган Мелис чоңойгон үйдөн май айындагы жер титирөөдө жарака кетип, оңдоого муктаждыгын Назира Төрөбекова мындайча билдирди:

- Жер титиреп, үйдөн жарака кетип, ремонтсуз калдык. Айыл өкмөткө барсак «эч нерсе жок, жардам кылалбайбыз» деп айтат.

Маркумдун үч балалуу эжеси Айжамал Төрөбековага өзү иштеген кыш заводу миң даана кышты материалдык жардам катары берип, анын акысын кайра төлөттүрүп алган.

Назира Төрөбекова кыргыз өкмөтүнүн буйругу менен Баткенде окко учкандарга бөлүнгөн материалдык жардамдын ээлерине али жете электигин айтты. Өткөн жумада болсо Жалалабад облусунун губернатору Жусупбек Шарипов Мелис Төрөбеков өңдүү Атажуртту коргоп атып шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон, 2-3-топтогу майыптарга 20-10 миң сомдон материалдык жардам тапшырылаарын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG