Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

ИРАН ӨЗӨКТҮК БОМБАГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ЖОЛДОБУ?


Дүйшөмбү күнү Атомдук Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги Венадагы жыйынында Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу агенттиктин докладын угуп, аны талкуулады. Докладда шектүү жайларды текшерүү үчүн Иранга атайын инспекция жиберилиши керек деген бүтүм айтылат. Расмий Тегеран болсо өлкө атомдук технологияны тынчтык максатында пайдаланууда деп, эч кандай көзөмөлгө макул болбой турганын ырастоодо.

Вашингтон Иран өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү 1970-жылкы келишимди бузуп, өзөктүк курал программасынын үстүнөн жашыруун түрдө иштеп жатат деп, Тегеранга көптөн бери кине тагып келет. 1991-жылы Иран Кытайдан уран сатып алып, ал жөнүндө Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттикке билдирген эмес. Импорттолгон өзөктүк зат кандай максатта колдонулат, ал кайсы жерде, кандай шартта сакталат жана ушул өңдүү маалыматтарды берүүдөн да Тегеран баш тарткан. Баш калаанын түштүгүндө жайгашкан Натанц шаарчасында уранды байытуу боюнча атайын жабдуулардан турган комплекс курулган. Ошол эле жерде андан кубаттуураак, атап айтканда 5 миң центрифуганы камтыган системаны куруу пландаштырылып жатат. АКШнын расмий өкүлдөрүнүн жана эл аралык инспекторлордун баамында, эгерде жаңы завод эки жылдын ичинде иштей баштаса, анда Иран 2006-жылга карай өзүнүн атомдук бомбасын чыгарууга мүмкүнчүлүк ала алат.

Атомдук энергетика боюнча агенттиктин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи феврал айында Натанцка барып, комплекске жакындай алган биринчи чет өлкөлүк адам болуп калды. Венадагы бир дипломаттын айтымында: “Ирандыктар уранды байытуу боюнча өздөрүнүн технологиясын иштеп чыкканы айкын иш. Аны менен Иран дүйнөнүн өзөктүк куралга ээ 10 өлкөсүнүн катарына кошулуп калды”, - деди. Өткөн аптада эл аралык инспекторлордун Тегерандагы Калайе электрстанциясынан үлгү алуусуна жергиликтүү бийлик тарабынан тыюу салынды. Дал ушул станцияда уран байытуучу жабдыкдар сыноодон өткөрүлгөн. Адистердин айтымында, топурак жана айлана чөйрөдөн чогултуп алынган үлгүлөр сыноодо өзөктүк заттар колдонуп- колдонулбаганын көрсөтө алаар эле.

Иран өз кезегинде Индия, Пакистан жана Израилдин өзөктүк арсеналдары бар экенин белгилеп, өлкө кооптуу чөлкөмдө жайгашканын жүйө катары пайдаланып келет. Тегерандагы Шариф университетинин аналитиги Сайид Лейлаз :”Ирактын тажрыйбасы айгинелегендей, Вашингтон каалаган чакта аны эч нерсе аскерий чабуулдан токтото албайт. Ошол эле мезгилде Кошмо Штаттарын атомдук бомбанын коркунучу гана токтото алааарын Түндүк Кореянын тажрыйбасынан көрсө болот”, - деди аналитик.

Венадагы жыйында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги шектүү жайларды текшерүү үчүн Иранга инспекция жиберүү керектиги жөнүндө айтты. Бирок расмий Тегеран эч кандай инспекцияны кабыл албай турганын дагы бир ирет кайталады. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамид Реза Азефи дүйшөмбүдө Тегеран өкмөтүнүн позициясын жарыялады: “Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кол койгон башка тараптар тынчтык максаттарда өзөктүк технологияны пайдалуунун жолдорун өнүктүрүүгө Иранга кантип көмөкчү болоорун ачыктамайынча биз инспекцияга каршы турумубуздан тайбайбыз”, - деди Азефи.

АКШнын Иранга каршы айыптоолорун буга чейин ишенбөө менен кабыл алган Москва менен Брюссел да соңку кездери өз кооптонуусун билдире баштады. Дүйшөмбүдө Евробиримдикке мүчө 15 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Люксембургда жыйын өткөрүп, Иран Биримдик менен соода алакаларын жакшыртам десе, эл аралык инспекцияны кабыл алууга макулдугун бериши зарыл деп билдиришти. Ислам республикасын бөлүндүдө калтырыш керек деген АКШ администрациясынын чакырыктарына карабай, Ирандагы реформаларды колдоп жүргөн европалык министрлердин көпчүлүгү ушул мезгилде өз ара баарлашуу - мамилелерди таптакыр токтотуп коюу жолунан алда канча алгылыктуураак деп эсептешет.
Уюмдун тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солана дүйшөмбү күнкү жыйындын алдында мындай деп билдирди:

- Менимче, Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлоруна Ирандын өзөктүк жайларына кирүүгө уруксат берген атайын протоколго Тегерандын кол коюусу өтө маанилүү. Кошумча протоколго башкалар да кошулушу шарт. Иран да ага кол коёт деген үмүттөмүн.

Россия болсо Иранды өзөктүк технология жана адистик экспертиза менен камсыздаган жападан-жалгыз мамлекет. Белгилүү болгондой, орустар Ирандын түштүгүндөгү Бушехр атомдук станциясын курууга жардам көрсөтүп келатышат. Москва бекет үчүн керектүү атомдук заттарды Иранга экспорттоп, керектелген суюк отундун калдыктары аскерий максаттарда пайдаланылып кетпесин деп өзөктүк таштандыларды кайрадан Россияга ташып кетүү жөнүндө Вашингтонго сөз берген эле. Бирок бир нече жылга созулуп кеткен сүйлөшүүлөргө карабай, тийиштүү келишим алиге чейин түзүлө элек. Быйыл жылдын башында болсо Тегеран мындан ары уранды иштетүүгө жана аны байытууга өзүнүн кудурети бар экенин жарыялап, Москваны оңтойсуз абалда калтырды.

XS
SM
MD
LG