Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Депутаттар саламаттык сактоо тармагынын өнүгүш концепциясын талкуулашты


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоо системасын 2006-жылга чейин реформалоо жана тармакты 2010-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын» 35 добуш менен жактырышты. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, концепциянын негизги идеясы - тармактагы коррупцияны азайтып, калктын жакыр катмарын медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда дарыланган ар бир оорулуу адам дарыгерлерге орто эсеп менен 1260 сомду мыйзамсыз төлөйт. 2001-жылы өлкө боюнча 770 миң оорулуу дарыланып чыккан жана алардан түшкөн 1 миллиард сомдон ашык акча казынага түшкөн эмес. Коррупцияны жоюу максатында министрлик бюджеттен саламаттык сактоо тармагына бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүп, анын азыркы ички дүң продуктунун 1,8% түзгөн деңгээлин 2010-жылы чейин 4,2% көбөйтүүнү болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG