Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Өкмөт жакырчылык жоюлганын жарыялады. Эл аралык уюмдардын рейтинги эмнени көрсөтөт?


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Кыргыз бийлиги өлкөдө жакырчылыкты жоюп, өнүгүү жолуна түшкөнүн жарыялады. Өлкө жетекчилиги Дүйнөлүк банк жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдардын рейтингдерин мисал келтирди. Карапайым калктын жашоосу өзгөрдүбү?

22-майда өткөн социалдык мобилизациялоо боюнча республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкканын жана мамлекеттин күч-кубаты жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын айтты:

“Биз азыр жакыр мамлекеттердин катарынан чыга алдык. Келечекте күчтүү, дөөлөттүү мамлекет болушубуз керек. Биздин өнүгүү жаатында жасап жаткан аракеттерибиз жеке жарандан тарта, жалпы журттун бардык катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Мындан ары саналуу гана чөйрө, бир ууч эле топ байыгандай болбош керек. Буга чейин базар экономикасынын көмүскө колу өнүгүү кереметин өзү эле жаратып, бардыгыбызды жыргатып, мамлекетибизди гүлдөтүп салат деген неолиберализмдик идеология жайылган. Биз мындай принципке сокур ишеним менен жетеленип, канчалаган жылдарыбызды текке кетирдик" - деди Жапаров.

Мамлекет башчы өлкө жылдар бою четтеги эмгек мигранттарынын акчасына көз каранды болуп келгенин да белгиледи. "Экономикабызда ошол которулган каражаттардын эбегейсиз ролу боюнча дүйнөлүк рекордчуга айландык. Карапайым элибиз аялы-эркеги, жаш-карысы дебей, кары-картаң ата-энелерин, балдарын аргасыздан таштап, чет өлкөлөрдө кор болуп, жер жүзүн кыдырып, иш издеп келгенин кантип унутабыз? Биз мындай көрүнүштөрдүн андан ары улануусуна жол бербейбиз. Мамлекет эл үчүн иштейт", - деди Жапаров.

Бийлик жону жука үй-бүлөлөргө даректүү жардам берип, аларды жакырчылык сазынан чыгарууну көздөп жатканын билдирүүдө. Бул үчүн өкмөттүн “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2022-жылдан бери 12900 жөлөк пул алган үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген.

Министрлер кабинети 2024-жылы бул долбоорго дагы 20 миң үй-бүлөнү тартуу планын жар салган. Ушинтип отуруп, жакынкы жылдары 210 миң үй-бүлөнү жакырчылык сазынан чыгаруу ниетин билдирип келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-майда Бишкек эл аралык каржы форумунда сүйлөп жатып “Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, жаңы ишканалар гана ачылбастан, бүтүндөй жаңы тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын” билдирди.

“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыктык. Биздин жан башына номиналдуу ИДП бүгүнкү күндө 2 миң АКШ долларын түзөт, ал эми паритет боюнча 6,5 миң доллардын тегерегинде. Биздин алдыбызда чоң иштер турат. Биздин өлкө адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз негизги транспорттук жана геологиялык түйүндөрдүн кесилишинде жайгашканбыз. Бизде эң сонун климаттык шарттар бар. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алды”, - деди ал.

Акылбек Жапаров өкмөт жакырчылык менен кызуу күрөшүп жатканын кошумчалады. Айтымында, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 2023-жылы 1 трлн 228 млрд сомго жетти. Үч жыл ичинде экономиканын өсүү темпи орточо 7% кем эмес болду.

Насыялык рейтингдеги сөөм-сөөм жылыштар

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Инсандык өнүгүү индексинде Кыргызстан 2022-жылы бир баскычка жогорулап, мурдагы "орто өнүккөн" катмардан "жогору өнүккөн" өлкөлөрдүн тобуна киргенин жарыялаган.

Андан соң Moody’s агенттиги эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингде Кыргызстан 2023-жылы дагы “В3” категориясында калганын, бирок мурдагы “терс” деген көрсөткүчтөн эми “туруктуу” деңгээлине өткөнүн жарыялаган. Агенттик Украинадагы кырдаалдан улам жаралган оош-кыйыштарга жана орус экономикасына тыгыз байланышта экендигине карабай Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп жатканын белгилейт.

Анда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кыйла өскөн, башкаруу институттары менен системасы көп өзгөргөн эмес, финансылык абалы жана аны менен кошо карызынын түзүмү бир топ өскөн, системдүү тобокелдиктер анча өзгөргөн эмес, ошондой эле кырдаалдык тобокелдиктерге таасири да жакшырган эмес деп табылган.

Финансист Кубан Чороев кыргыз өкмөтү салык топтоо, салык базасын көбөйтүү жаатында көп иштерди жүзөгө ашырганын жана бюджеттин экономикадагы көлөмү өскөнүн белгиледи.

“Финансылык жактан караганда, акыркы жылдарда Кыргызстандын бюджетинин структуралык жактан дагы, көлөм жактан дагы өзгөрүүлөрү байкалып жатат. Мурда Кыргызстандын бюджети инвестициялык жана социалдык деп эки бөлүктөн турчу. Инфраструктуралык жана башка чоң долбоорлор тышкы карыздардын эсебинен ишке ашырылчу. Азыркы убакта ички ресурстар инфраструктуралык долбоорлорду колдоого пайдаланылып жатат. Көбүнчөсү эл аралык финансылык институттардан карыздарды алууда акыркы жылдарда тышкы карыздар менен ички ресурстарды пайдалануунун структурасы дагы өзгөрүп жатат. Инфраструктуралык долбоорлорду ички ресурстардын эсебинен ишке ашыруу көбөйүп жатат деп айтсак болот. Фискалдык өзгөрүүлөр кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин бюджетинин экономикадагы үлүшүн чоңойтуп жатат. Мына ушулардын алкагынан караганда, структуралык өзгөрүүлөр болуп, рейтингге таасирин тийгизди деп айтсак болот”.

Кыргыз өкмөтү 2022-2023-жылдардагы негизги жетишкендиктеринин бири катары өлкөдөгү социалдык жөлөк пулду, пенсияны жана эмгек акыларды 40% эки эсеге чейин көтөргөнүн көрсөтүп келет. 2024-жылдын май айына карата орточо эмгек акы 34 миң сомду түздү. Июль айынан тарта эң төмөнкү пенсия 6800 сом болот деген чечим кабыл алынып жатканы жарыяланды.

Ошол эле маалда, Кыргызстандагы минималдуу эмгек акы 2021-жылдын башынан 2024-жылдын мартына чейинки мезгил ичинде 22 доллардан 27 долларга чейин же 5 долларга гана көтөрүлгөн. Бул арада минималдуу эмгек акы Арменияда 57, Беларуста 39, Казакстанда 88 жана Орусияда 38 долларга өскөн.

Эксперттер экономикасы өнүгүп жаткан өлкөгө мүнөздүү бир катар белгилерди көрсөтүшөт. Мындай өлкөнүн ички дүң өндүрүмү өсөт, жаңы жумуш орундары көбөйөт, мамлекеттин кубаттуулугу артып, мурда көңүл бурулбай келген тармактарды каржылоону күчөтөт жана жарандардын тапкан кирешеси өскөндүктөн, бош убактысы көбөйөт.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов экономикалык өсүштү өлкө жарандары жон териси менен сезиши үчүн өкмөт инфляция жана жумушсуздук менен катуу күрөшүүсү зарыл деп эсептейт.

“Экономикалык өсүш жумушсуздук менен түздөн-түз байланышта. Эгерде жумушсуздуктун деңгээли 1% эле жогорулап кете турган болсо, экономикалык өсүш 2,5-3% чейин артка кетет. Ошондуктан, мамлекет биринчи кезекте жумушсуздук менен күрөшүшү керек. Экономикалык өсүштүн эң негизги каршылаштары – бул инфляция менен жумушсуздук. Экономикалык өсүштү Кыргызстандын ар бир жараны сезиши үчүн ушул эки чоң көйгөй менен күрөшө турган болсок, чынында экономикалык өсүш болуп жатканын ар бир жаран сезет. Эгерде инфляция биздин экономикалык өсүштөн пайыздык жагынан жогору боло турган болсо, анда экономикалык өсүштү эч ким сезбейт”.

Жармач жашоону көзгө сайган фактылар

Арийне, президент жана өкмөт башчы Жапаровдордун экономикалык өнүгүү тууралуу айткан сөздөрүнө карабастан, бир катар көйгөйлөр дале болсо кала берүүдө. Муну бир катар статистикалык фактылар ачык көрсөтөт.

Ички дүң өндүрүм, айлык-маяна, социалдык жөлөк пулдар жана мамлекеттик долбоорлор кыйла көбөйгөнү менен, иш жүзүндө карапайым калктын жашоо-турмушунда сезилерлик өзгөрүү байкалбай турат.

Бийлик башчылары эл аралык абройлуу уюмдардын аталыштарын оозанып жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын талдап көрөлү.

Дүйнөлүк банк чындыгында 189 өлкөнү ички дүң өндүрүмүнүн көлөмүнө карап кирешеси “төмөн”, “ортодон төмөн”, “ортодон жогору” жана “жогору” деген төрт топко бөлүп талдайт. Эгерде ички дүң өндүрүмү жан башына 1 135 долларга жетпесе, анда ал өлкө “төмөн кирешелүү” болуп эсептелет. Андан кийин 1 136 доллардан 4 465 долларга чейинкилер экинчи топко, 4 466 доллардан 13 845 долларга чейинкилер үчүнчү топко, ал эми 13 846 доллардан жогору болсо төртүнчү топко кирет.

Дүйнөлүк банктын сайтында 2024-финансылык жылга карата жарыяланган маалыматта Кыргызстандын кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыгарылгандыгы тууралуу кабар кездешпейт. Буга чейинки 2021, 2022 жана 2023-жылдардагы баяндамаларда дагы Кыргызстан тууралуу маалымат жазылган эмес. 2023-жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн киши башына бөлүнүшү 1 969,2 доллар болгон.

Негизи, Кыргызстан 2014-жылдан бери кирешеси “ортодон төмөн” деңгээлде келатат. Ага чейин дээрлик 20 жыл бою “төмөн кирешелүү” мамлекет катары аталып келген.

Муну менен катар, 2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнөдөгү кирешеси төмөн жана азык-түлүгү тартыш 44 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Тизмеге Кыргызстан дагы кирген. Мында уюм Дүйнөлүк банктын улуттук дүң кирешенин жан башына тийиши боюнча белгилеген чегин жана соңку үч жылдагы азык-түлүк экспорту менен импортундагы сальдонун абалын критерий кылып алган. Чындыгында Кыргызстан социалдык маанилүү делген негизги тогуз азык-түлүктүн үчөө менен толук, дагы экөө менен жарым-жартылай өзүн камсыздай алат. Калган азык-түлүк боюнча импорттук агымга көз каранды.

Активист Мавлян Аскарбеков кыргыз өкмөтү эл аралык уюмдардын рейтингдери менен катар, карапайым калктын жашоосун жакшырткандай реформаларды ишке ашыры керек деген пикирде:

“Өзүбүздү өзүбүз алдаганды токтотсок жакшы болмок. Түркүн бюджеттик цифралардын, “жонглирование” деп коёт орусча, ошондой операцияларды жүргүзүп “биздин казына мынчага көтөрүлдү, экономиканын темпи мынчадан өсүп жатат” деп айтканы менен, бүгүнкү реалдуулук такыр башка болуп жатпайбы. Акыркы эки жылда конкреттүү ири инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, ишке ашып, бул жакка түздөн-түз келген инвестициянын көлөмү кандай? Ички дүң продукция, ошол эле курулуш, тигүү жана башка жаатында темпи кандай болуп жатат? Ушундай экономикалык негизги көрсөткүчтөрдү караганда эле чыгат. Башкача айтканда, айыппул, салыктын түрлөрү, түркүн мамлекеттик кызматтын бааларын көтөрүү менен казынаны толтуруу саясаты – экономиканын өсүшүнүн белгиси эмес. Ошондуктан, экономикалык реформа болуп, укмуш өнүгүү болуп жатат деген сөзгө мен кошула албайт элем”.

Байлар байып, жакырлар чөгүп барат

Бийликтин бир ууч топ эле байыбайт, эл текши өнүгөт деген сөзү айрым статистикалык фактылардан улам талаштуу жагдайды жаратат. 2023-жылдагы көрсөткүчтөр Кыргызстан калкынын жакыр катмары жокчулукка андан бетер чөгүп, байлары дагы көбүрөөк байып жатканын ачыктайт.

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандагы калктын акчалай кирешеси 576,3 млрд сом болгонун, бул мурунку ушул мезгилге караганда 24,1% көп экенин эсептеп чыккан. Калктын кирешеси өсүп жатканы жакшы. Бирок ошол кирешени калктын бай жана кедей деген топторуна бөлүштүрө келгенде, өлкөдөгү социалдык теңсиздик мурдагыдан да өсүп кеткенин көрөбүз. Башкача айтканда, байлар андан бетер байып, жакырлардын кирешеси дагы да азаюуда. Эң бай катмар менен эң жакыр катмардын кирешесинин ортосундагы ажырым бир жыл мурдагы 6,4 эседен 9,1 эсеге чейин жеткен.

Статистикалык эсеп жүргүзүүдө 7,2 млн кыргызстандыкты социалдык абалы боюнча беш топко бөлөт. Алар квинтилдик топтор деп аталат. Ар бир квинтилдик топто калктын 20% бөлүгү же болжол менен 1 млн 425 миң адам бар.

Ушул ыкма менен баалаганда, 2023-жылы Кыргызстандагы эң жакыр делген 20% калктын тапкан кирешеси 30 млрд сом же жалпы кирешенин 5,2% болгон. 2022-жылы бул көрсөткүч 6,7% болчу, бир жыл ичинде 1,5% тепкичке азайган. Ошол эле маалда, колунда бар, эң байманалуу 20% калктын кирешеси мурдагы жылдан 4,5% тепкичке жогорулаган же 576,3 млрд сомдун 47,4% түзгөн. Бул 273 млрд сом болот. Ортодогу 2, 3, жана 4-квинтилдик топтогулардын кирешеси да бир кыйла азайып кеткен.

Мындан улам, жакырчылык боюнча 2023-жылдагы көрсөткүч дагы да начарлап кетиши мүмкүн деген божомолдор бар.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов орто катмары калың өлкөдө саясий туруктуулук сакталарын айтууда. Анткени, алар жумушу, өзүнө жете турган эмгек акысы бар, өзүн-өзү камсыз кылган, жашоосуна ыраазы адамдар. Андай адамдар кескин өзгөрүүлөрдү каалабайт жана туруксуздук жаралса, абалы начарлап кетерин жакшы түшүнүшөт. Андыктан, мамлекет ресурстар менен кирешелерди социалдык катмарларга адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздашы зарыл деп эсептейт.

“Ар бир жаран экономикалык өсүштү сезиши үчүн, биринчиден, экономикалык ресурстар адилеттүү бөлүштүрүлүшү керек. Кээ бир мамлекеттерде ар түрдүү саясий туруксуздукка алып келүү чынында ошол коомдо түзүлүп жаткан улуттук байлыктын, улуттук кирешенин коомдун ар бир мүчөсүнүн арасында адилеттүү эмес бөлүштүрүлүп, же болбосо кандайдыр бир 5% жетпеген адамдар жомоктогудай жашап, калгандар жакыр болуп калган учурда экономикалык чоң көйгөй жаралат. Бул учурларда мамлекетте саясий туруксуздук орун алып, революциялар, жарандык согуш болуп – ошондой начар акыбалга алып келет. Ошондуктан, коомдо түзүлүп аткан баалуулуктар ар бир адамга тегиз жете турган болсо. Мамлекеттин негизги ролу ошондо турат да – жакшы өнүгүп жаткан бизнестен салыктарды алып, аз камсыз болгон тараптарга жөлөк пул, пенсия, стипендия түрүндө берүү болот”.

Өлкө экономикасы дүңгүрөп өнүгүп жатат деп жар салып жаткан маалда, калк арасындагы жакырчылык дагы жогорку деңгээлде сакталып келет.

Расмий статистикага таянсак, Кыргызстандын калкынын 1/3 жакырчылыктын чегинен төмөн деңгээлде жашайт. Мындай көрсөткүч менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында алдыда турат. Салыштырчу болсок, Беларус менен Казакстанда жакырчылык 4-5% түзсө, Орусияда 9%, ал эми Армения калкынын 25% жакыны жакырчылыкта жашайт.

Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча 2023-жылга карата расмий статистика жарыялана элек. 2022-жылдын маалыматына ылайык, 7,2 млн калктын 33,2% жакырчылыкта жашайт. Ал жылы жакырчылык сазында жашаган калктын эсеби мурдагы жылга караганда 4% өскөн же дагы 88,7 миң кишиге көбөйгөн.

Ошондо, расмий эсеп боюнча, жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын саны 2 млн 333 миң киши (33,2%) болсо, андан тышкары 420 миң (6%) өтө жакыр деңгээлде турмуш кечирет. Мындан тышкары, соңку төрт жылдын көрсөткүчүн карасак, дагы 100 миңден 700 миңге чейинки киши жакырчылыктын чегине өтө жакын, кирешеси жарыбаган шартта жашап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG