Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУ» ШВЕЦИЯНЫН «СВЕЛТЕЛ» КОМПАНИЯСЫ САТЫП АЛЫШЫ МҮМКҮН


Сапар Орозбаков, Бишкек Жекшемби күнү «Кыргызтелекомдун» мамлекетке тиешелүү 51% акциясын сатуу боюнча өткөрүлгөн тендердин 1-турунун жыйынтыгы чыгарылып, анын жеңүүчүсү деп Швециянын «Свелтел» компаниясы табылды. «Свелтел» «Кыргызтелекомдун» 51% акциясына баарынан көп – 15,6 млн. доллар сунуш кылган.

«Кыргызтелекомду» сатып алууга алгач 13 компания ынтызар экенин билдиришкен. Бирок алардын ичинен алтоо гана тендерге документтеринин тапшырган. Тендерде минималдык баа коюлган эмес. Анын шарты боюнча, кайсы компания акцияларга бардыгынан көп акча сунуш кылса, ал «Кыргызтелекомдун» акцияларынын контролдук пакетине ээ болмок. Жекшемби күнү конверттерди ачканда бардыгынан көп акча сунуш кылган Швециянын «Свелтел» компаниясы экендиги маалым болду.

- Ал 51% акцияга 15,6 млн. доллар сунуш кылды. Экинчи орунда Орусиянын «Ростелекому» - 15 млн. 287 миң доллар. Түркиянын «Глобал коммуникейшн нетворк» компаниясы - 12,5 млн. доллар, Алманиянын «Детекон» компаниясы – 10,5 млн. доллар, «Казкоммерцбанк» - 9 млн. доллар, «Казтелеком»- 5 млн. 250 миң доллар. Биздин тендердин шарты боюнча Швециянын «Свелтел» компаниясы 1-турдун жеңүүчүсү деп табылды, - деди тендердик комиссиянын мүчөсү, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин стратегиялык объектилерди менчиктештирүү башкармалыгынын жетекчиси Сүйөркул Бакиров.

Бирок бул «Кыргызтелеком» эмне болсо да «Свелтел» компаниясына берилет деген сѳз эмес.

- Эми экинчи турда бул компаниянын тарифтик планын жана «Кыргызтелекомду» өнүктүрүү планын карап чыгабыз. Эгерде алар тендердик комиссияны канааттандырса, швециялык компания жеңүүчү деп табылат. Андан кийин бир айдын ичинде сатуунун конкреттүү шарттары иштелип чыгат. Эгерде ушул маселе боюнча бир сөзгө келе алсак, ошондо гана ушул компания менен биротоло келишим түзүлөт. Болбосо, бул компания менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, экинчи орундагы «Ростелеком» менен сүйлөшүү жүргүзөбүз, - дейт Сүйөркул Бакиров. «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүнүн программасы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип жатканда «ал 50 млн. долларга кетиши мүмкүн» деген сөздөр айтылган болчу.

- 100%ти 50 млн. доллар деп жатышат. Биз 51% сатып жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, биз айткан баадан рыноктун баасы башка болот экен. Мисалы, мындан 4-5 жыл мурун баа 4-5 эсе жогору болчу. «Дойчетелеком», «Францтелеком» жана башкалар банкрот болушуп, сатылбай калган. Жакында Молдованын «телекому» менчиктештирилди. Алар да биздей 51% койгон. Аларга эч ким ѳтүнмѳ бербей, бир эле Орусиянын компаниясы бериптир. «20 млн. доллар берсеңер биз сатканга макулбуз» деп, Молдова мамлекети аны менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. Эске алып коюш керек, Молдова бизге караганда Европага жакын, абоненттери кыйла көп, «телекомдун» жарак-жабдыктары да түзүк. Ошону 20 млн. долларга өткөзө албай жатышат. Грузиянын жана Армениянын телекомдорунун менчиктештирүүсү болбой калды. Өзбекстан да менчиктештирүүнү токтотту. Азыр биздин телеком ушуга бааланат экен. Мындан ашык бааны эч ким берген жок. 20-30 млн. дегенибиз менен, аны эч ким албайт, - дейт Сүйөркул Бакиров. «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүдөн түшкөн акчанын 70% өлкөнүн тышкы карызын төлөп бериш үчүн түзүлгөн атайын фондго которулат. 30% болсо бюджетке түшөт.

XS
SM
MD
LG