Жалалабаддан Москвага барып Казань вокзалына түшкөндө эле төрт кесиптин ээси Калил Калыбаев өңдүү мыйзам элес албаган кыргыз жарандары дароо милицияга кармалат. Айрым кыргыз жигиттер мекендештерин чогуусу менен орусиялык ишкана-фирмаларга өткөрүп берип, пайда табууну кесип кылып алышкан.
- Барганда 100-200 рубль менен качышат. Менин жанымда акча жок эле. Барып калсам 3 күн камап ташташты, Казань вокзалында. Үч күндөн кийин эшектей иштетти. Келгенде бирден, экиден тээп таштайт, унчуга албайсың, кыңк этип. Героин салып туруп шыбай берет, андан да коркосуң. Метродо, токойдо, көбүнесе канализацияда, жаман эски курулуштарда иштедим. Келейин десем акыркы акчаны алып чыгып кеткем. Кайра келалбай атам, поездге келсем албай коюшту. Кыргыз эле поезддер, - деп эскерди Орусияга барганда тарткан запкысы тууралуу Калил Калыбаев. Кесибине ылайык жумуш издеп Москва облусунда 9 ай жүргөн Калил токойлордо, жер төлөдө баш калкалап, түрдүү кара жумуштарда иштеген. Эмгек акысын жумуш берүүчү бербей да койгон.
Кыргыз жарандарынын эртеңки келечегине башын катырган Калил сырт жакта иштеген улутташтарыбыздын кул катары сатылганына кейип, кыргыз жарандарынын таламын талаша албаган элчилик өкүлдөрүнүн колдорунан да чеке жылытаарлык иш келбей жаткандыгына нааразылык билдирди.
- Биз го Союз кезинде өсүп, кичине таанып калдык, жаман-жакшыны. А минтип отурса, артыбыздан өсүп келаткандар эмне болот, каякка барышат? Булардын күнү эмне болот? Билбейм. Азыр мен институтта сырттан окуп атам. Мен муну бүткөндөн кийин, диплом алгандан кийин каякка барам? Мен эмне иш кылышым керек? - дейт Калил Калыбаев. Ал эми мурда «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Москва облусундагы координатору болгон Керим Макеев орусиялыктарга жалданып иштеген кыргыздардын нечени токмоктолуп, ички иштер кызматчыларына акчасын алдырып, кээ бири жазыксыз жерден жарык дүйнө менен коштошкон фактыларды эске салды. Екатеринбург шаарында автосервисте иштеген Асылбек Урмановдун пикири боюнча, орусиялык мыйзамдарга ылайык документтерин камдап алып, тартиптүү жүргөн кыргыз жарандарына орусиялыктар тийишпейт.
- Кээ бир башка облустарга караганда Екатеринбургда, Сургутта кыргыздарга мамиле жакшы. Керек болгон документтердин бүт баарысын туура дайындап алып барса, ал жерде эч ким тийишпейт, - дейт ал.
Орусияда иштеп, Жалалабадга кайтып келгендер «эки өлкөнүн ортосунда эмгек миграциясын уюштураар мекемелер ачылса дурус болоор эле» деген тилектерин айтышты. Асылбек Урмановдун оюна караганда, эки өлкөнүн жарандыгын берүү маселеси чечилсе, эки мамлекеттин бардык жарандарына утуш болмок.
Облустун миграция бөлүмүн башкарган Абдыкапар Туялиев Орусияда мыйзамсыз окуяларга кабылган кыргыз жарандарынын элчиликке же консулдарга кайрылуусун туура санайт. Анын оюнда, иштеп тапкан акчасын жолдо тонотпош үчүн алар акчасын Кыргызстандагы банктарга жөнөтүшсө, үйүнө кайтканда түгөл алышмак.