КАРАКОЛ. Бул иш-чара Дүйнөлүк Банктын жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү департаментинин координаторлорунун демилгеси менен уюштурулуп, конкурска алар тарабынан мурда аныкталган 32 айыл катышты. Конкурсту Ысыккөл, Нарын, Талас облустарынын айылдарын суу менен камсыздоо жана санитария боюнча башкаруу долбоорунун кеңешчиси Анара Чойтоңбаева алып барды. Конкурстун жеңүүчүлөрү болуп таанылган айыл өкмөттөрү бейөкмөт уюмдар менен кошо таза суу боюнча эл аралык долбоор жазууга укук алышат. Мындай долбоордук иштер 2004-жылдын биринчи жарымында аяктоого тийиш. Конкурстун жыйынтыгында 18 айыл ушул долбоордун жеңүүчүлөрү болуп таанылышты.
Ысыккөлдө айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча эл аралык долбоор түзүү боюнча конкурс өттү