Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

КЫРГЫЗСТАНДА ЭКСТРЕМАЛДЫК СПОРТ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТ БОЛУП ӨТТҮ


Экстремалдык спорт боюнча дүйнөнүн XII чемпионаты Кыргызстандын Жетиөгүз жергесинде башталып, Токтогул районунда жыйынтыкталды. Баш байгени Америка Кошмо Штаттарынын командасы жеңип алды.

Франция жана Кыргызстан тарабынан уюштурулган бул чемпионатка бул өлкөлөрдүн өздөрүнөн тышкары Германия, Италия, Бразилия, Дания, Канада, АКШ, Финландия, Жапония мамлекеттеринин жана башка 18 өлкөнүн 39 командасы катышты. Тобокелге баш байлаган, спорт менен туризмди айкалыштырган «Ред Голуаз» мелдеши 10-июнда Жетиөгүздө башталган. Жарыштын экинчи күнүндө кырсык болуп, Франциянын командасынын мүчөсү, 46 жаштагы Доминик Роберт жел кайык менен тоо суусунда сүзүп баратып, каза болгон. Ал лыжа жана тоо спорту менен көп жыл машыгып, такшалган чебер болсо да, тоо суусунда кайыгынын жели чыгып, ажал тапты.

Мындай күтүлбөгөн окуяларга бай мелдештер 1989-жылдан бери Жаңы Зеландияда башталып, Коста-Рика, Мадагаскар, Малайзия, Түштүк Африка, Эквадор жана Вьетнам мамлекеттеринде өткөрүлгөн. Күрпүлдөгөн дайралар менен кайыкчан сүзүп өтүп, аскасы бийик тоолорго чыгып, атчан, жөө, велосипед менен ашууларды ашып, 7-8 күн дегенде 900 км. аралыктан соң Токтогул жергесинде мелдеш аяктады.

Экстремалдык спорт боюнча XII дүйнө чемпионатына Шериктештик өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Орусия гана катышты. Кыргыз жергесинде өткөн бул таймашууда марага биринчи болуп Америка Кошмо Штаттарынын командасы келди. Экинчи орунду Швециянын, үчүнчү байгени Франциянын өкүлдөрү жеңип алышты. 39 командадан 23 команда марага жетпей оюндан чыгып, жыдып калышты. Мындай дүйнөлүк таймашка биринчи ирет катышып жаткан Кыргызстандын командасы марага он экинчи болуп келди. Кыргызстандын намысын гребля жана альпинизм боюнча спорт чебери Олег Тураев, альпинист Вячеслав Медведев, суучул Станислав Квитковский жана альпинизм менен машыккан Елена Дудашвили коргоого аракет кылышты. Дүйнө чемпионаты жөнүндө Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Баатыркул Баетов мындай деди:

- Бул мелдештер Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө түздү. Мелдеш абдан курч, татаал болду. Нарындын башындагы ашууда кар жаап жатканда жөө, велосипед менен өтүштү. Бул оюндун жол-жобосун билбегендиктен, Кыргызстандын командасы ийгилик жарата алган жок. Тыныгуу учурларында элибиздин фольклордук концерттерин берип, кыргыздын каада-салттарын көрсөттүк. 300 сааттык телекөрсөтүүлөрдү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары тартып, Кыргызстандын эң кооз жаратылышын, меймандос элин ааламга таанытышат. Франциянын өкүлдөрү кыргыз жергесинде өткөн бул мелдешке өтө жогору баа беришип, жерибизге, элибизге абдан суктанып, ыраазы болушту. Эми бизге туристтер көбүүрөөк келишеби деп турам.

Экстремалдык спорт боюнча дүйнөнүн XII чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи Бишкектеги «Дасмия» эс алуу комплексинде 18-июнь күнү кечинде болду. Вице-прьемер-министр Жоомарт Оторбаев бул мелдешти өткөрүш үчүн Кыргызстан катуу аракет кылганын мындайча белгиледи:

- Мелдеште каза болгон Доминик Роберттин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргыз өкмөтү бул чемпионатты жогорку деңгээлде өткөрүш үчүн колдон келишинче аракет кылды. Айрыкча мелдеш өткөрүүдө Ысыккөл, Нарын жана Жалалабад облустарынын жетекчилери, эл жакшы жардам беришти. Мындай таймашта жеңишке жеткендер сыймыктанса болот. Булар чыныгы каармандыкты, эр жүрөктүүлүктү көрсөтө алышты.

Экстремалдык спорт боюнча дүйнөнүн XII чемпионатынын баш байгесин жеңип, алтын медаль тагынган Америка Кошмо Штаттарынын «Монтрал» командасынын капитаны Ребекка Раш мындай деди:

- Кыргызстандын жаратылышы, эли бизди абдан суктандырды. Мелдеш эң кооз жерлерде өткөрүлдү. Күчтүү командалар катышты. Бул чемпионат өтө жогорку деңгээлде болду. Биз кыргыз жергесине дагы келип турабыз.

Эми XIII дүйнө чемпионаты эмдиги жылы Перуда, ал эми XIV чемпионат 2005-жылы Эфиопияда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG