Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

ОБСЕ Черногорияда сойку аткезчилигине каршы атайын көзөмөл кампаниясын өткөргөнү жатат


Анын жүрүшүндө баарыдан мурда сойкулук индустриясына ырасмий өкүлдөрдүн канчалык өлчөмдө тартылганын аныктоого өзгөчө көңүл бурулат. Азыр ОБСЕ менен өкмөт ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Былтыр ашкере болгон окуялар көрсөткөндөй, Черногорияда ар кайсы жактардан аткезчилик жол менен алынып келинген кыз-келиндерди шуркуялык иштерге мажбурлап, анын аркасында айрым чиновниктер арам киреше таап турушат. Жакында Евросоюз менен Кошмо Штаттары Черногорияны жана Сербияны сойкулардын соодасы күчөгөн өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эле.

XS
SM
MD
LG