Шаркеттин жыйыны бейшемби күнү кечке жуук Грециянын түндүгүндөгү курорттук Порто Каррас шаарында ачылды. Союздун лидерлери адегенде иммиграция проблемасын карап чыгышты. Талкуулар түн бир оокумга чейин уланды. Анын жыйынтыгын чыгарып, Евросоюздун аткаруучу органы - Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди талаш-таңаштарда иммиграция, баш калка берүү чөйрөсүндө, чек араларды коргоо жагынан олуттуу прогресске жетишилгендигин белгиледи. Муну саммитке төрагалык кылып жаткан Грециянын премьери Костас Смитис да ырастады.Орток иммиграция саясатынын зарылдыгы калетсиз, деп айтты ал. Эмнеге дегенде бу маселе жалгыз-жарым эле өлкөнүн эмес, жалпы континенттин проблемасына айланды. Бирок саммите,кабарчылар ырасташкандай, союздан тышкаркы аймактарда өткөөл пункттарды уюштурууну сунуш кылган Британиянын демилгеси колдоо тапкан жок.
Жума күнкү талкууга союздун саясий структураларын кардиналдуу түрдө реформалоонун пландары, тагыраагы, анын айрым маанилүү документтери коюлду. Кеп, арийне, баарыдан мурда Европанын конституциясы жөнүндө болуп жатат. Шаркетке ушу тапта төрагалык кылып жаткан Грециянын өкмөтү аталган документ Европаны дүйнөлүк аренада Кошмо Штаттарынын тең укуктуу өнөгүнө айлантат деп ишенет. Союздун тышкы саясий иштерин тескеген Хавер Солана да ушундай пикирде. Бу документ Европаны глобалдык оюнчу кылып, анын ушул ордун ырастайт, деп айтты ал. Жыйырма беш өлкөдөн куралган, 450 миллион калкты бириктирген, дүйнөлүк дүң продукциянын чейрек бөлүгүн чыгарган Европа союзу, Солананын сөзү боюнча, жер шарында болуп жаткан иштерге көз жумуп кое албайт.
Конституциянын долбоору Европа конвентинде Франциянын экс-президенти Валери Жискар д’Эстендин төрагалыгында даярдалды. Бирок иш али толук машагына чыга элек, анын түпкү принциптери менен идеялары конвентте, андан соң тышкы иштер министрлеринин жыйынында жактырылган эле. Союздун лидерлери да долбоорду көпкө талкуулап отурушкан жок, документтеги принциптерди колдоп, кеч күзгө чейин толуктап иштеп чыгууну макулдашты. Бул тууралуу Грециянын премьери Костас Симитис танапис маалында журналисттерге кабарлады.
Конституциянын акыркы варианты быйыл күздө Италиядагы саммитте дагы бир ирет сыдыргыга салынып, талкуудан өткөрүлөт. Байкоочулардын баары негизги талаштар дал ушул жыйында болот дешет. Долбоордо союздун туруктуу негизде иштеген президентин жана тышкы иштер министрин шайлоо механизми каралган. Буга кошумча сырткы саясат боюнча атайын өкүл да болушу керек. Бул идеяларды негизинен союздун мүчөлөрү колдошот, бирок айрым өлкөлөр, айрыкча Германия шаркеттин орток органдарынын бийлик укуктары бир кыйла салмактуу жана кеңири болушун каалайт. Башка бирөөлөрү, алардын ичинде Британия менен Дания союздук институттардын бийликтери чектелип, көп маселелер улуттук өкмөттөр менен парламенттердин карамагында калышы керек деп эсептейт. Мындан өзгөчө шаркеттин чакан өлкөлөрү бир топ чочулашат,алардын пикиринде, президенттик институт ири өлкөлөрдүн таасирин ого бетер бекемдеп салышы ыктымал. Союздун коргонуу тармагындагы саясаты НАТОго көз каранды болушун каалабагандарга аталган чөйрөдөгү абал азыркы бойдон калышы керек деп эсептегендер макул эмес. Саммитте конституциянын долбоору боюнча союздун болочоктогу мүчөлөрү да бир катар сунуштарын айтышты.
Союздун саммити ишемби күнү аяктайт. Анын алдында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Ирандын атомдук программасына байланышкан жагдай каралат.Ишемби күнү түштөн кийин болсо лидерлер союздун тышкы саясий стратегиясын талкуулашты.