Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

ШКУнун эксперттери Дүйшөмбү шаарында жолугушмак болушту


БИШКЕК. 25-июндан 28-июнга чейин Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги отуруму болот. Улуттук координаторлордун жолугушуусу менен катар Дүйшөмбүдө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттеринин антитеррордук регионалдык структураларды ишке киргизүү маселелери боюнча сегизинчи жолугушуусу жана мүчө мамлекеттердин финансы тармактарынын эксперттеринин жолугушуусу өтөт. Анда уюмду каржылоо принциптерине, уюмдун органынын иштөө тартибин аныктоого, туруктуу иштей турган регионалдык антитеррордук структурага жана катчылыкка байланышкан маселелер талкууланып, 28-29-майда болгон Москва саммитинин чечимдеринин аткарылышы каралат. Кыргызстандан бул иш-чараларга катышуучу делегацияны ШКУдагы улуттук координатор, тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев жетектеп барат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG