Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

КИТЕП ТЕКЧЕ: ХИЛЛАРИ АЙЫМДЫН ЭМГЕГИ


Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари “Турмуш баяны” аталыштагы китебин чыгарды. Байкоочулар Клинтон айым күйөөсүнүн Ак үйдүн стажеру Моника Левински менен байланышы жөнүндөгү чуулгандуу окуя тууралуу эки жыл бою үн катпай, эми гана өзүнүн сырларын ачыкка чыгарып отурушун, анын 2008-жылкы президенттик шайлоого ат салышууга ниеттенип жатканынын белгиси катары баалап жатышат.

55 жаштагы Хиллари Родхем Клинтон күйөөсү кызматтан кеткени менен, Нью-Йорк штатынан сенатор катары коомдун көңүл назарында дале болсо кала берүүдө. Жакында “Саймон & Шустер” басма үйүнөн жарык көргөн анын “Турмуш баяны” деген китеби мурдагы биринчи айымга болгон кызыгууну арттырды. Дээрлик бир жуманын ичинде 1 миллион нусканын 60 пайызы сатылды. Басмакана кошумча 500 миң китеп басып чыгарууну пландаштырып жатат. “Саймон & Шустердин” президенти жана аткаруу жетекчиси Жэк Романос ”Биз бул китеп популярдуу болот деп башынан эле болжолдогонбуз. Бирок мындай ыкчамдуулук менен сатылаарын күткөн эмесбиз”, - дейт. Чыгарма үчүн автор 8 миллион доллар гонорар алды. Америкалыктардын мурдагы биринчи айымдын эскерүүлөрүнө болгон кызыгуусу түшүнүктүү. Өзүнүн жаңы китебинде Хиллари Ак Үйдөгү жылдары жөнүндө, президент Клинтондун стажер Моника Левински менен байланышын, ага карата өзүнүн мамилесин, өз башынан кечирген татаал күндөрдү баяндап, ал чуулгандуу иш президенттин саясий каршылаштары тарабынан уюштурулган деген оюн жазат.

Эскерүүлөрүнүн жарык көрүшүнө байланыштуу Хиллари айым америкалык гана эмес, бир катар чет өлкөлүк ири телерадиокомпанияларга интервью берди, жергиликтүү гезиттердин дээрлик бардыгы сенатор айымга арналган макала, редакциялык комментарий жарыялады, анын сүрөтү “Тайм”, “Дер Шпигель” өңдүү журналдардын биринчи бетинде пайда болду. “Турмуш баянын” басып чыгаруу укугу дүйнөнүн 16 өлкөсүнө сатылды. Китеп өткөн шейшембиде Францияда жарык көрдү.

Өз маектеринде Клинтон эмдиги жылкы президенттик шайлоого катышпай турганын кескин түрдө белгилеп, андан кийинки, 2008-жылы боло турган шайлоого карата пландарын ачыктабаганы менен, көпчүлүк байкоочулар Клинтон “Левински ишине” айкындык киргизүү аракети менен АКШнын жогорку кызматына даярданып жатканын болжолдошот.

Президенттик ат салышууга катышпай турганын Клинтон айым китептин презентациясында дагы бир ирет кайталады. “Менин мыкты кызматым бар, мен бул ишимди уланта берүүнү каалайм”, - деди сенатор Клинтон. Анын депутаттык мандаты 2006-жылы аяктаарын өзүбүздөн кошумчалай кетели. Бирок Билл Клинтондун саясий кеңешчиси Дик Моррис белгилегендей, Хиллари айым “Мен 2008-жылкы шайлоого катышпайм” деп так кесе айткан жок.

Эгерде божомолдор туура чыгып, ал чындап эле шайлоого барууну чечсе, Хилларинин Ак Үйдүн кожоюндугуна карай жолу оңой болбой турганын акыркы сурамжылоолор айгинелейт. Хиллари Клинтондун рейтинги президенттик шайлоодо Демократтардын негизги талапкери Жозеф Либермандыкына жана партиянын калган сегиз талапкерлериникине караганда алда канча жогору. Анткен менен, ЭйБиСи өткөргөн сурамжылоолорго тартылгандардын 53 пайызы нью-йорктук сенаторду АКШнын президенти катары көргүсү келбейт, 41 тескерисинче, анын талапкерлигин жактайт. Жооп бергендердин 48 пайызы Хиллариге карата терс мамилесин, ал эми, 44 пайызы өздөрүнүн жылуу маанайын билдиришти.

Жогоруда айтылгандай, Клинтон айымдын 562 беттен турган эмгеги 8 миллион долларга бааланды. Ал эми анын өмүрлүк жары Биллдин даярдалып жаткан мемуарлары үчүн 12 миллион доллар гонорар берилет деп күтүлүүдө. Айтмакчы, Хиллари айым күйөөсүнүн ордуна келген Жорж Буш Билл Клинтон калыбына келтирген экономиканы кыйратты деп, азыркы мамлекет башчынын дарегине сын пикирин китебинде билдирет.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG