Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Чеченстанда дагы террор аракети ишке ашырылды


Чеченстандын борбору Грозный шаарында кечээ күнү жарылуу болуп, эки адам каза тапты. Жумурияттын башкы прокурору Владимир Кравченконун айтымында, курман болгон бир аял жана бир эркек - террор аракетин ишке ашырган жан кечтилер өздөрү болуш керек, алар жарылуучу зат жүктөлгөн машинени жардырып жиберген. 25 адам жарат алды. Орусиянын ички иштер министри Борис Грызловдун айтымында, терророчулар машинени өкмөттүк имаратка жакындатып келаткан, бирок ага жетпей калган.

XS
SM
MD
LG