Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

ТАЖИКСТАНДА ЖЕКШЕМБИДЕГИ РЕФЕРЕНДУМ «ӨТТҮ» ДЕП РАСМИЙ ТААНЫЛМАКЧЫ


Прагадан Жаңыл Жусубжан Тажикстанда бүгүнкү референдумда түшкө чейин эле шайлоочулардын 53 пайызы добуш берди. Шайлоо комиссиясы ошону менен добуш берүү мыйзамдуу күчкө ээ болгонун билдирди. Референдумда жети жылдык мөөнөткө 1999-жылы узартылган президенттикке шайланууда «бир киши бир гана жолу шайланат» деген чектөөнү алып салуу, социалдык реформалар боюнча жана башка конституциялык өзгөртүүлөр добушка коюлду.

Түштүктөн ооган баөгизаты каптап, түндүктөгү чек арасы өзбек миналары менен кайтарылган, калкы жарды, ишке жарамдууларынын жарымы жер кезип кеткен, аба мейкиндигин орус жана америкалык согуш учактары ээлеп алган Тажикстанда жекшембидеги референдумдун натыйжасында азыркы президентке дагы 17 жыл кызматта калууга жол ачылды.

Рахмоновдун азыркы кызмат мөөнөтү 2006-жылы аяктайт. Жаңы конституцияда бул мөөнөт эсепке алынбайт, ошондуктан, ал мындан үч жылдан кийин дагы эки ирет шайланып, 2020-жылга чейин бийликте кала алат. Бүгүн Дүйшөмбү калаасында добуш бергенде, Эмомали Рахмонов мындай мүмкүнчүлүктү четке какты:

- Мен буга караманча даяр эмесмин. Ага чейин дагы ким бар, ким жок.

Рахмонов албетте оор басырыктуулук кылып жатат. Ал бүгүн болгону элүү жашта. Көз карандысыз Тажикстандын он жыл илгери табышмактуу кырдаалда курман болгон биринчи президенти Рахмон Набиевдин тагдырына туш келбесе эле, Рахмонов саясатта дагы 20-30 жылдай кала алат.

Анын үстүнө, Борбор Азиянын бардык башка жумурияттарында пост-советтик көз карандысыздык доорунда бир да президент алмашкан жок. Рахмонов алардан таалим албаган болсо, бүгүнкү референдумду будамайлап өткөрөт беле, ким билет.

"Тажикстан Таймс» аттуу оппозициячыл Интернет баракчасы референдумдун алдында жабылып калды. Бул баракчанын редактору, оппозициячыл журналист Додожон Атовулло мырза Рахмонов бүткүл элдик добуш берүүнү Түркмөнбашынын сыңарындай өз бийлигин өмүрүнүн аягына чейин сактап калуу максаты менен уюштурду деп эсептейт.

- Бул референдумду кезектеги будамайлоочул оюн (фарс), тажик элин, демократияны бетке чабуу деп эсептейм. Тажикстанда болгону 3 миллион шайлоочу бар, алардын жарымы Орусияда, Казакстанда, башка өлкөлөрдө, Маскөөнүн алдында кул болуп, курулуштарда иштеп жүрүшөт. Мындан тышкары, калктын көбүнүн референдум тууралуу кабары жок. Рахмоновдун кеңешчилеринин бири Рахмотулло Зухиров жакында референдумга кандай суроолор коюлганын калктын 1-2 пайызы гана билет деди. Бул оппозицянын айтканы эмес, президенттин жакын кишиси өзү моюнга алып жатат. Референдум бир гана максатты - Рахмоновду жети жылдан дагы эки мөөнөткө шайлоо үчүн ага жол ачууну көздөдү.

Тажикстандын горбачевдук кайра куруу доорундагы жетекчиси Каххор Махкамов 1990-жылы Тажикстандын тунгуч президенти болуп шайланган. Бирок кийинки жылы, эгемендүүлүктүн алгачкы айларындагы шайлоодо Рахмон Набиевге жеңилип калган.

Совхоздун директору, Куляб облустук кеңешинин төрагасы болуп иштеген Эмомали Рахмонов 1992-жылы Тажикстандын Жогорку кеңешинин төрагалыгына шайланат. Кийинки жылы Набиевдин көзү өтөт, дагы бир жылдан кийин Рахмонов президенттик кызматка келет. Ал кезде президенттикке бир киши беш жылдык бир гана мөөнөткө шайлана алчу. 1999-жылкы референдумда бул мөөнөт жети жылга узартылган. Ал жылы Рахмонов добуштардын 97 пайызын алып кайра шайланат. Азыркы референдумда эми жети жылдык экинчи мөөнөт киргизилип жатат. Сөз кайрадан Додожон Атовуллодо:

- Бул референдум фарс эмей эмне? (Конституцияга) 56 өзгөртүү киргизилип жатат, бирок бюллетенде– бул өзгөртүүлөрдү дүңүнөн колдойсузбу, жокпу деген гана бир суроо бар. Тажикче баш катырма деген ушул. Эгер адам өзгөртүүлөрдүн бирин же экөөсүн туура көрбөсө, ал кантет?! Референдумга Бириккен Улуттардын, ЕККУнун, башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жок, бир нече партия ага бойкот жарыялады. Бул референдум стабилизацияга алып келбейт, ал Тажикстанда жаңы тирешүүнүн башталышы болуп калат.

Эмомали Рахмоновго исламчыл оппозиция менен элдешип, 1992-97-жылдардагы ички согушту токтоткону үчүн баа беришет. Бирок анын он жылдан ашкан бийлиги тушунда саясий жана экономикалык реформалар арбыбады. Бүгүнкү референдум да тажик элине көп үмүт бере албайт, ошентсе да бозгунчулукта жашоого аргасыз болгон журналист Додожон Атовулла тажик коому тар жол, тайгак кечүүдөн чыгаарына ишенет:

- Үмүт аз, бирок карөзгөйлүктүн да чеги болот. Азыркы мыйзамсыздыктын жана өз элин сыйлабоонын да чеги бар. Бүгүн Тажикстанда жаңы саясий күч тамыр жайып келатат. Ал - Тажикстандын жаңы бириккен оппозициясы, анын башында түрдүү партиялардын жана коомдук уюмдардын лидерлери турат. Алардын добушу угулбай койбойт деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG