БИШКЕК. Июль айынын алгачкы аптасында Бишкекте «Индия ишканалары-2003» аттуу көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу «АКИ-пресс» агенттигиндеги маалымат жыйынында Индиянын Кыргызстандагы элчиси Биргвашрам Прасада билдирди. Анын айтымында, бул жарманкеге Индиянын 60 чамалаш компаниясы катышаары күтүлүүдө. Пресс-конференцияда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өстү. Өткөн жылы анын өлчөмү 11 млн. доллар болгон. Ал эми 2000-2001-жыл аралыгында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 22 млн. доллардан ашкан. Ортодо соода жүгүртүүнүн кыскарышын элчи транзиттик автобайланыштын жоктугу менен түшүндүрдү.