Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУНУН ТАРАЛУУСУНА ЧЕК КОЮЛГАНСЫДЫ


Бакыт Аманбаев, Прага. Соңку жыйырма беш күндүн ичинде Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккан бир дагы учур катталган эмес. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу башка өлкөлөрдүн жарандарына Кытайга барбай туруу жөнүндө мурда берген сунушун бүгүн жокко чыгарды. Кытай жана башка дүйнө өлкөлөрүндөгү мындай коркунучтуу илдет менен күрөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндай кетели.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, өнөгөсүз өпкө оорусунун вирусун жугузган учур акыркы жолу Кытайда 29-майда катталган. Андан бери миллиарддаган калкы бар Кытайда мындай коркунучтуу оорунун таралуусу тууралуу жаңы маалымат түшкөн жок. Ошондуктан шейшемби күнү, июндун 24үндө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүнүн буга чейинки өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу чет элдик жарандардын Кытайга баруусуна тыюу салган сунушун алып салды. Бул тууралуу аталган уюмдун Тынч океандын батыш жээгиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы, Шигери Оми 24-июнда Бээжинде өткөн маалымат жыйында жарыялады:

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Бээжинге барбай туруу тууралуу чечимин ооруга каршы күрөштүн олуттуу жыйынтыгынын арксында алып салды. Мындай чечим Бээжиндин бардык аймактарынан алынган ар тараптуу байкоолордун негизинде, анын ичинде оорунун таралышы, ооруну көзөмөлдөө багытындагы иш чаралардын натыйжасы жана башка аймактардагы оорунун жайылышы тууралуу маалыматтардын негизинде кабыл алынды.

Бул коркунучтуу оору алгачкы ирет 2002-жылдын күз айларында Кытайдын аймагында катталган. Андан соң ооруну жугузган адамдар Кытайдын башка аймактарында, бир катар чыгыш өлкөлөрүндө жана Канадада аныкталган. Алгач ооруну айыктыруу жана анын жайылышын көзөмөлгө алуу начар болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин өнөгөсүз өпкө оорусунан дүйнө жүзү боюнча 804 киши каза болду. Оорунун эң көп таралган очогу Кытайдын ордо калаасы Бээжинде катталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кабарына караганда, Бээжинде 2521 адам ооруга чалдыгып, анын ичинен 347 адам каза болду. Ошондой эле мындай илдет алгач катталгандан бери Сингапурда 31, Тайванда 84, Гонконгдо 296, Канадада 38 адам набыт болду. Алгач оорунун тездик менен жайылышы дүйнө коомчулугун олуттуу тынчсыздантты.

Кытай менен жанаша жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрү аталган өлкөдөн өз жарандарын чакыртып, айрымдары чек араларын утурумдук жаап, айрымдары чек арага күчөтүлгөн көзөмөл койушту. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай баш болгон жогору жакта аттары аталган өлкөлөргө башка өлкөлөрдүн жарандарынын утурумдук барбай туруусун эскертип билдирүү таратты.

Соңку мезгилдери өнөгөсүз өпкө оорусунун таралуусу азайгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга чейинки чечимин жокко чыгарып, Сингапур, Гонконг жана Тайван жана башка аймактарга туристтердин баруусуна мүмкүн экендигин жарыялады. Бирок ошондой болсо да жекшемби күнү Канаданын Торонто шаарында өнөгөсүз өпкө оорусунан эки адам каза болду.

Байкоочулардын пикиринде, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жогорудагыдай чечими бул өлкөлөрдө коркунучтуу оорунунун белгилери калган жок дегендикке жатпайт. Ошондуктан, аталган өлкөлөрдүн бийлиги жок эле дегенде дагы бир жыл аралыгында ооруга каршы олуттуу чара көрүүсү, ал эми чет элдик жарандар да ооруну жугузуп алуудан сактануусу абзел.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тынч океандын батыш жээгиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы, Ш. Оми шейшемби күнкү маалымат жыйынында мындайча пикирин билдирди:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдардын дүйнө жүзүн кыдыруусуна мындан ары каршы болбойт. Бирок мындай жакшы ийгиликтерге карабай абдан сак болушубуз керек. Өзүбүздү өзүбүз курулай жооткотуу мүмкүн эмес. Ооруга каршы байкоо жүргүзүү жок эле дегенде бир жылга созулушу керек.

XS
SM
MD
LG