Белгия 1993-жылы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар тууралуу бардык арыздарды кароо жөнүндөгү мыйзам кабыл алган. Башкача айтканда, дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун орун алган мындай кылмыштарды Белгияда соттоого мүмкүндүк пайда болгон.
Укук коргоочу активисттер бул мыйзамды "универсалдык" юрисдикциянын же чек араны тааныбаган сот акыйкаттыгынын башаты деп жогору баалашкан. Европанын чакан өлкөсү мындай кадырлуу, бирок оор вазийпаны аркалай алган жок. Мыйзам кабыл алынгандан кийинки жылдары универсалдык юрисдикция жоболоруна улам жаңы өзгөртүү киргизилип отурду. Азыр эми мыйзамдагы "универсалдык" деген сөз такыр эле алынып салына турган кырдаал түзүлдү.
Жаңы өкмөт тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жаткан Белгиянын бийликтеги Либералдык партиясы жана Социалисттик партия өткөн аптанын соңунда мыйзамды дагы бир жолу өзгөртүүгө макулдашышты. Бул кабар баштапкы мыйзамды кулач жайып кабыл алган укук коргоочуларды катуу өкүндүрдү. Хьюман Райтс Уотч уюмунун Брюсселдеги кеңсесинин кызматкери Жералдин Маттиоли мындай дейт:
- Өкмөт бул мыйзамдын күчүн кескин кыскартканы жатышы бизди өкүндүрөт. Бул мыйзам кылмышкерлердин жазасыз калбашын кепилдөөчү күрөштүн алдыңкы катарында болуп келген.
Хьюман Райтс Уотч жана башка укук коргоочу уюмдар мыйзамды өзгөртүүгө Белгияны Кошмо Штаттары аргасыз кылып жатат деп эсептешет.
- Менимче, көптөгөн өлкөлөрдөй эле, Белгия азыр Кошмо Штаттарынан катуу кысымга туш келип жатат. Жорж Буштун администрациясы америкалык жарандарды Эл аралык кылмыш сотунан коргоочу эки тараптуу келишимдерге кол коюуга чакырып, көптөгөн өлкөлөргө катуу кысым көрсөтүп жатканын жакшы билесиздер.
Эл аралык кылмыш соту - штаб-квартирасы Гаагада жайгашкан жаңы трибунал. Ал ири укук бузуучуларды сотко тартуу үчүн түзүлгөн. Кошмо Штаттары америкалыктар саясий куугунтукка туш келет деп, бул соттун ишине катышуудан баш тарткан, аларды бул сотко өткөрүп бербөө тууралуу келишимдерге кол коюуга ондогон өлкөлөрдү көндүрө алды.
Белгиянын өкмөт башчысы "мыйзамды өзгөртүүгө Кошмо Штаттары аргасыз кылууда" деген ырастоону четке какты. Ал мындай кадамга бир нече негизсиз сот арыздары мажбурлап жатат деп билдирди.
Арийне, Белгиянын универсалдык сот акыйкаттыгын киргизүү далалаты АКШны кыжаалат кылгандыгын тануу мүмкүн эмес. Белгиянын баш калаасы Брюссель эл аралык уюмдардын маанилүү борбору саналат. Мында НАТО уюмунун штаб-квартирасы да жайгашкан. АКШнын коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд жакында Белгиянын мыйзамы НАТОнун ишине каскак болуп жатат деп эскертти:
- Бул маселе чечилип, Белгиянын НАТОнун ишине бөгөт болбой турган, меймандостук өкүм сүргөн өлкө бойдон калаарына ынанмайынча, биз НАТОнун Брюсселдеги жаңы штаб-квартирасын курууга дагы акча бөлүүгө каршы чыгууга мажбур болобуз.
Белгиянын мыйзамына каршы чыккандардын катарына жакында бул өлкөнүн тышкы иштер министри Луис Мишель кошулду. Өткөн аптада ал "мыйзам өлкөнү бүткүл дүйнөнүн алдында шылдыңкүү кылып жатат" деп билдирди.
Согуш кылмыштары тууралуу бардык арыздарды кабыл алууну караган Белгиянын мыйзамы дүйнөдө миллиондордун кубаттоосуна ээ боло турган мыйзам. Ага министрдин тиш салышынын төркүнү эмнеде болду экен? Көрсө, жакында белгиялык партиялардын бири Мишелдин өзүн Непалга 5 жарым миң мылтык сатууну жактырганы үчүн сотко берген экен. Белгияда ички согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө курал экспорттоого тыйуу салынат.