Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

ООН: МУНАЙ ИРАКТЫН МУКТАЖДЫГЫН ЖАППАЙТ


Бириккен Улуттар Уюму ирак калкы үчүн каражат топтоо боюнча эл аралык кампания баштады. Бул темага арналып, бейшемби күнү ООНдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде элүү эки өлкөнүн өкүлдөрү катышкан бейырасмий жолугушуу болуп өттү. Ага катышкандар атайын билдирүү кабыл алып, жакынкы жылдарда Иракка мунай сатыгынан түшө турган кирешеге караганда алда канча көп каражат керек болорун белгилешти. ООН быйылкы жылы эле Иракка гуманитардык жардам иретинде 260 миллион доллар акча бөлүүнү сунуш кылууда.

: Бириккен Улуттар Уюму быйыл 28-мартта, Иракта согуш башталгандан бир нече күн өтпөй эле дүйнө жүзүнө кайрылып, бул өлкөдөгү калктын эң жөнөкөй муктаждыктарын камсыздаганы шашылыш түрдө 2 миллиард доллардан ашуун каражат топтоого чакырган эле. Донорлордон 900 миллион доллар адие чогулган, мындан тышкары “мунайга азык-түлүк айырбаштоо” программасынын гуманитардык каналдарынан дагы бир миллиард долларга чукул каражат түштү. Мунун аркасында Иракка ушу тапта эле 800 миң тонна азык-түлүк жөнөтүлдү. Бул, ООНдун эсептери боюнча, алдыдагы эки айда 27 миллиондуу ирак калкын ортомыян деңгээлде багып турганга жетиши керек. Жыл этегине чейин дагы 260 миллион доллар каражат керек болот.

ООНдун Ирак боюнча гуманитардык координатору Рамиро Лопес де Силва ирактыктардын кем-карчы башта болжолдогондон алда канча арбын болуп чыкканын ырастады. Буга согуш маалындагы массалык кыйракан жана бүлгүн-талоон себепчи болду. Натыйжада турмуш-тиричилик чөйрөсүндөгү инфраструктураны, биринчи кезекте суу менен камсыздоочу системаларды, канализация тармагын, ооруканалар менен мектептерди жана башка эң зарыл социалдык обьекттерди тезинен кайра тикелеп, ремонттоп чыгуу зарылдыгы пайда болду. Мындан тышкары миңдеген ирак качкындарын өз жерине кайтаруу милдети турат. Булардын баарына ирак мунайынан түшө турган киреше түт келбейт. Анын үстүнө мунай тармагы башка чөйрөлөрдөй эле Багдаддагы режимге каршы жарыяланган санкциялардан, согуштан жана акырында кара талоон каракчылыктан катуу бүлүндү. Буга көңүл бургандын ордуна баары эле Ирактын мунай министрлигинин имаратына үйрүлө түшүп, ошону коргоп жатышат. Бирок министрликтин имаратынан мунай чыкпайт, мунай кендерден чыгат, ал эми аларды болсо караган же коргогон эч ким жок, - деп айтты ООНдун Ирактагы гуманитардык жетекчиси. Ошону менен бирге ал коалициянын, айрыкча Ирактагы утурумдук америкалык администрациянын күч-аракеттерине жалпысынан жакшы баа берди.

Лопес де Силва ырастагандай, Иракты кайра куруу боюнча быйыл октябрда эл аралык конференция чакырылат. Ага ООН, Европа союзу, АКШ, Япония жана бүткүл дүйнөлүк банк катышат. Жыйында ирак экономикасын кайра тикелөөнүн узак мөөнөттүү программасы талкууланат. Азырынча болсо Иракта экономикалык тыкыр милдеттер, баарыдан мурда өлкөдө мунай өндүрүү ишин кайра баштоо маселеси караштырылып жатат. Жакында Түркиянын Жейхан портунда ирактын биринчи кара майы танкерлерге жүктөлүп, рынокко жөнөтүлдү. Бирок анын баары согушка чейин сакталып турган мунай болчу. Ирактын өзүндө кара май казып алуу, америкалык администрация кызматына кайра дайындаган мурдагы министр Тамер ал-Габдандын сөздөрүнө караганда, эмдиги айда башталат. Акыркы кездери бир нече мунай кендери жана куурлары жардырылып,өрттөлдү. Муну коалиция кайра май кендерин чет элдик компаниялардын ээлигине бергенге каршы чыккандар же Саддамдын тарапкерлери баштаган саботаж өнөктүгү деп атап жатышат. Тамер ал-Габдан да азырынча Ирактын мамлекеттик мунай кендери менен ишканаларын менчик колдорго бергенге макул эмес. Ал эми коалициянын өкүлү, Польшанын мурдагы финансы министри Марек Белка акыры түбү мунай тармагы жеке компанияларга берилиши керек, ансыз өлкөдөгү бүлүнгөн бүткүл кара май инфраструктурасынын өрүшүн кеңейтүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Биз прагматик болгубуз келет,деп айтты ал. Менчиктештирүү процессин күтүп отурбастан, компанияларды Ирактын ички мунай рыногуна тартуу керек, андан соң менчиктеширүү эрежелерин бекитип, ишти ошонун негизинде жүргүзсө болот.

Бирок мунайдын сатыгынан түшө турган киреше Ирактын муктаждыгын баары бир жаба албайт. Ошо себептен ООН ирактыктар үчүн жаңы каражат топтоону сунуш кылууда. Иорданияда аяктаган экономикалык форумда да бул маселе кеңири кеп болду. Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса региондогу мусулман өлкөлөрү Иракты кайра куруу иштерине активдүү катышканга даяр экенин ырастап, Кошмо Штаттарын саясий бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү ишин ыкчамдатканга чакырды.

XS
SM
MD
LG