Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Иракка жардам көрсөтчү өлкөлөрдүн жыйыны октябрда болот


Иракты реконструкциялоо боюнча донор өлкөлөрдүн конференциясы октябрь айында болот.
Бул жөнүндө 52 өлкөнүн кечээ күнү болгон ырасмий эмес жолугушуусунан кийин Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасы жарыя кылды.
Билдирүүдө Иракты реконструкциялоого арналган жыйынды Улуттар Уюму, Европа союзу, Кошмо Штаттары, Япония жана Дүйнөлүк банк уюштурат деп көрсөтүлөт.
Шейшемби күнкү жолугушуунун катышуучулары Ирактын мунайын сатуудан түшкөн киреше өлкөнү реконструкциялоого жетпегендиктен, алдыдагы бир нече жылда Ирак кошумча каражатка муктаж деген бүтүмгө келишкен.
Улуттар Уюмунун жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн дагы 260 миллион зарыл деп санайт.

XS
SM
MD
LG