Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

«Мужахидин калк» уюму Европада Иранга каршы терракттарды пландаган


Бул тууралуу бүгүн Франциянын чалгындоо кызматтарынын отчетуна шилтеме берип америкалык "Нью Йорк Таймс" жана франциялык "Фигаро" гезиттери жазып чыгышты. Алардын маалыматына караганда, жогорудагыдай отчет Франциядан "Мужахидин калктын" мүчөлөрү кармалгандан эки апта мурда эле даярдалган. Франциянын чалгындоо кызматтарынын эсебинде, "Мужахидин калк" Ирандын европалык өлкөлөрдөгү элчиликтерине каршы терракттарды жана Ирандын чалгындоо мекемелери менен кызматташып кеткен өзүнүн мурдагы мүчөлөрүн жок кылууну пландап жаткан. Ирандын бийлигине оппозицияда турган уюмдун негизги базасы коңшу Иракта жайгашып, мурда Саддам Хусейндин режиминен колдоо алып келген эле. Уюмдун өкүлдөрү соңку жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери Францияда да иш жүргүзчү. Өткөн аптадагы рейдде француз полициясы "Мужахидин калктын" 150дөй мүчөсү кармаган. Алардын ондон ашыгы терракттарды пландаганы үчүн шектелип, азыр камакта отурат.

XS
SM
MD
LG