Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

КУМСА ЕПИСКОП АНГЛИКАН ЧИРКӨӨСҮН ЫДЫРАТАБЫ?


Англикан чиркөөсү - дүйнөдөгү 70 миллиондон көп протестант-англикандарды бириктирет. Ал Британиянын мамлекеттик чиркөөсү. Соңку жылдары борчу өсүп, жамаат саны азайып бараткан чиркөө азыр эми кумса адам епископ дайындалганга байланыштуу жарылып-бөлүнгөнү турат.

Үстүбүздөгү жумада Англикан чиркөөсүнүн башкы диниятчысы - Кэнтербери архиепискобу Роуэн Уильямс динзарлар үчүн күтүүсүз кадамга барып, кумсалыгы белгилүү адамдын епископ болуп дайындалышын жактады.

Англикан чиркөөсүндө кумса адам буга чейин мындай мартабалуу кызматка дайындалбаган. Андан чыккан чуу ансыз да жамаатынын саны суюлуп, кыйын ахывалда турган чиркөөгө кошумча түйшүк экени шексиз.

Акыркы 70 жылда Англикан чиркөөсүнүн мүчөлөрүнүн саны эки эсеге кыскарган. 9 миллион элдүү Лондондо 56 миң гана адам англокан чиркөөсүнө үзбөй каттап табынат.

Үстүбүздөгү жылдын аягына Лондондогу чиркөөлөрдүн карызы 1 миллион 700 миң долларга жетет деген кооптонуу бар.

Лондондун Ыйык Майкл англикан чиркөөсүнүн башчысы Питер Маллин англикан жамаатынын санынын азаюсуна Англикан чиркөөсү да өз салымын кошту дейт:

-...Алар акча каражаттарын натуура жумшады, алар диний агартуу иштерин жаңылыш жүргүзүштү. Алар бардык иштерди натуура жасашты. Азыр эми миллиондогон адамдар биздин чиркөөнү таштап кетип жатышат. Бул, албетте, алардын ишбилбестигинин баасы.

500 жыл илгери Генри Сегизинчи негиздеген Англикан чиркөөсүнүн азыр 70 миллиондой мүчөсү бар жана Британияда таасири күчтүү. Кэнтербери менен Йорктун архиепископтору жана 26 епископ британ парламентинин жогорку үйү - Лорддор палатасынын мүчөлөрү.

Минтип диниятчылар саясый мансап күтүп отурганда, 5 кылым мурда түптөлгөн жана Англиядагы эң чоң сыйынуу жайы Йорк чиркөөсүнүн архиепискобу Дэвид Хоуп дүйшөмбү күнү журтту акчалай жардам көрсөтүүгө чакырды.

Лондондук дин таануучу Дигби Андерсон жагдай азыркыдай жаман абалында кала берсе, “50 жылдан кийин Англикан чикөөсү Англияда жок болот” деп боолгойт. Ал аялдарды епископ кылып дайындоону чиркөө өз ыктыяры менен эмес, аялдардын кысымы астында жасады дейт.

1992-жылы биринчи жолу аял епископ дайындалган. Азыр Англикан чиркөөсүндөгү ар бир бешинчи епископ - аял.
Аялдарды епископ дайындоо англикан диниятчыларын жаатташтырып-бөлгөндөй эле, 50 жаштагы кумса Жефф Жонду епископ кылып бекитүү Британиядагы жана башка өлкөлөрдөгү англикандарды аябагандай нааразы кылды. Нигериядагы 17 миллион мүчөлүү англикан чиркөөсү Жефф кызматтан алынбаса, анда биз Англикан чиркөөсүнөн бөлүнүп кетебиз деп коркутууда.

Андерсондун байкашынча, Англиянын социалдык турмушунда, өзгөчө үй-бүлөлөрдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөр да жалгыз эле Англикан чиркөөсү эмес, өлкөдөгү католик жана Евангелия чиркөөлөрүнүн дагы келечегине таасир этет.
Мисалы, акыркы 10 жылда англикан чиркөөсүндөгү зыяпатка катышкан балдардын саны 2,5 эсеге азайган. Азыр 80 миң гана бала чиркөөгө үзбөй барат. Он жыл мурда 223 миң бала барчу деп түшүндүрөт Андерсон:

- Чиркөөгө баруу үй-бүлөлүк иш болчу. Эгер сиз чиркөөнү талкалагыңыз келсе, анын эң жеңил жолу - бул үй-бүлөнү бузуу. Себеби, андан соң сиз үй-бүлөгө таандык ыйманды жана ишеничти бузасыз.

Мындай шартта, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Лондондогу кабарчысы Ян Юндун билдиргенине караганда, айрым тарса диниятчылары салт-адаттарга урмат менен мамиле кылган жана Британияда улам саны өсүп бараткан ислам жамаатынын тажрыйбасын оң табышууда.

Ошентип, Британиянын англикан чиркөөсү кризиске кабылып турган кезде, ошол эле тарсалардын католик чиркөөсүнүн жана башка диний жамааттардын таасири өсүүдө.
XS
SM
MD
LG