Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

КӨЛДӨГҮ ЭС АЛУУ, УЛУТТУК БАНКТЫН ОТЧЕТУ, ӨКМӨТТҮН АТКАРЫЛГЫС УБАДАСЫ


Жайкы эс алуу башталганы кыргыз басылмаларында Көлдө эс алуунун абыгерчилиги арбын жазыла баштайт. Саратан жайда жыл жыйынтыгы чыгарылбаганы менен, республиканын экономикалык өсүшү күткөн үмүттү актай албай калганы эмитен эле айтылууда. Соңку кездери Улуттук Банктын ишмердиги маалымдоо каражаттарынын көңүл борборунда.

Өкмөт мурда болжол кылган 5% ашуун экономикалык өсүштү бул ирет да камсыз кыла албастыгын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити жазып чыкты. «Үстүбүздөгү жылдын 5 айынын көрсөткүчтөрү көңүл жылытпайт, 4% жетпеген өсүш болду», деп белгилешет гезит авторлору Марипов менен Байгуттиев.

Эл өкүлдөр жыйынынын алдында Улуттун Банктын төрагасы отчет бергени ушул эле гезитте Рената Эсембаеванын макаласында баяндалган. Банк башчысынын маалыматына караганда, былтыр инфляциянын деңгээли 2,3% жогору көтөрүлгөн жок. Анткен менен элдин коммерциялык банктарга ишеними жоголду. Сурамжыга алынган 1600 кишинин 9% гана акчасын коммерциялык банктарга сактай тургандыгын билдиришкен. Парламенттик талкууда Улуттук Банктын өткөн жылдын жыйынтыгына арналган отчету үстүрт, так эмес экендиги белгиленди. Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Медетбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын чет өлкөлөргө карызы 2003-жылдын 1-январына карата 1 миллиард 776 миллион 1 миң долларды түздү. Муну жан башына эсептегенде 355,2 долларды түзөт. Эл аралык эксперттер Кыргызстанды кирешеси аз, карызга белчесинен баткан өлкө катары мүнөздөшөт.

«Кыргызстанда ундун эки гана сорту чыгарылат», - деп маалымдайт 26-июндагы «Слово Кыргызстана» гезитинде Анара Солтоева. «Дыйкандар өстүргөн буудайды убагында сатып алууга чоң тегирмендердин чама-чаркы жетишпейт. Ошондон улам Казакстандын арзан уну өлкөнү басып, ири ун комбинаттары банкрот болуу коркунучунда турат. Ири эт-сүт, кант комбинаттарынын абалы деле чеке жылытарлык эмес. Алардын бутуна туруп, мезгил талабына шайкеш иштешине жүгүртүү каражаттарынын жоктугу, чыгарган продукциясынын сапатынын төмөндүгү тоскоол болууда».

Мындан 7 жыл илгери кабылданган Салык кодекси эскирип, аны жаңылоо зарылдыгы бышып жетилгени парламент депутаты Акылбек Жапаровдун маегинде баяндалган. Депутаттын айтымында, 2003-жылы президент А.Акаев убада кылган киреше салыгынын өлчөмү 10% ылдыйлаган жок. «Ири айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн алынчу кошумча нарк салыгы, кыймылсыз мүлк салыгын чогултуунун механизми так иштелип чыккан эмес», деп белгилейт Акылбек Жапаров.

Быйыл Ысыккөлгө эс алууга келүүчүлөр көп экендиги, ошондон улам көл кылаасында тамак-аштын, жатар жайдын баасы алдыдагы эки айда асманга чыгаары «Вечерний Бишкек» гезитинин жаңы санында жарыяланды. Журналист Юрий Александровдун жазышынча, жеке үйлөргө жайгашып эс алуу кыйла арзан, шарты дурус. «Чолпонатада такси арзан, - деп жазат макала автору. - Анткен менен бензин кымбат».

«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева билдиргендей, басылманын жума күнкү санында парламенттеги Улуттук Банктын отчету тууралуу материал жарык көрмөкчү. Гезит бетинде белгилүү мударис Кусейин Исаев түндүк-түштүк феномени тууралуу ой жүгүртөт. Мындан тышкары, гезитте белгилүү журналист Жаныбек Жанызак менен Азирети Умар ислам институтунун мударистеринин дин тууралуу кайчы пикирлерине орун берилмекчи.

- «Аалам» гезитинин жума күнкү санында «Шайлоо жакындады, татыктуулар барбы?» деген рубриканын алдында парламент депутаты Курманбек Бакиев тууралуу макала жарык көрүүдө, - деп маалымдайт басылманын башкы редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев. Андан тышкары, гезит баяндамачысы Дыйканбек Садык уулунун «Узакбаевчисинен ойлонолубу, ыя, тууган?» деген материалында коррупция, «прихватташтыруу» тууралуу кеп болот. Макала президент А.Акаевге кайрылуу катары жарыяланат.
XS
SM
MD
LG