Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча агенттигинин башчысы Рууд Любберс бүгүн атайын билдирүү жасап, Африканын Либерия мамлекетине шашылыш түрдө эл аралык бейпилдик күчтөр жиберилүүгө тийиш деп жарыялады. Өлкөнүн өкмөттүк жана оппозициялык күчтөрүнүн ортосунда үстүбүздөгү аптада орун алган кагылышуулардан жүздөгөн адам курман болду. Оппозициялык күчтөр азыр өлкө аймагынын 60 пайызын өз көзөмөлүнө алды жана борбор калаа Монровияга чабуул коюуга даярданууда.