Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

«Моя столица - новости» гезитинин жамааты жаңы гезит чыгарды


БИШКЕК. Сот чечимдеринин негизинде 12-июнда жабылган «Моя столица - новости» гезитинин эмгек жамааты «МСН» аттуу жаңы гезитти чыгарып, анын биринчи саны бүгүн сатыкка түштү. Гезиттин «МСН» деген аты «Моя столица - новости» деген сөздүн баш тамгаларынан алынган. Гезиттин башкы редактору Александр Кимдин айтуусунда, басылма Кыргызстандын мыйзамдары талап кылган бардык эрежелерди сактоо менен жарык көрдү жана Юстиция министрлигинен № 826-каттоо күбөлүгүн алды. Гезит мындан ары 15 миң нуска менен аптасына эки ирет чыкмакчы. Басылманын кабарчысы Рина Приживойттун айтымында, «МСН» гезити бийлик тарабынан жабылууга дуушар болгон «Моя столица - новости» гезитинин тутунган позициясын карманып, демократия жана сөз эркиндигинин принциптерине таянып иш алып барат.

XS
SM
MD
LG