Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

МАРКУМ АКЫН ТАБЫЛДЫ МУКАНОВДУН ТАНДАЛМА КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ


Кечээ жакында Бишкектеги «Бийиктик» басмасынан маркум акын Табылды Мукановдун мурда жарыкка чыккан жыйнактарындагы ырлары толугу менен жана жарыяланбаган бир шилтем ырлары, жубайы Турдукожо кызы Клара эжеге арналган сүйүү каттары, жубайынын эскерүүлөрү «Арчадай жашыл элем» деген ат менен жарык көрдү. Китеп 22 басма табактан турат. Жыйнак акындын ымандай сырларынан, жаш чактагы сүйүү каттарынан, жубайынын бүгүнкү эскерүүлөрүнөн тургандыгы менен да өзгөчө кызыктуу. Анан калса, Табылды Мукановдун бул жаңы жыйнагы кыргыз адабиятындагы ыйман сырын төккөн автордун махабат каттары ачык жарыяланган алгачкы жыйнак болуп отурат.

Акын жубайы Турдукожо кызы Клара эжеге арналган алгачкы катын мындайча баштайт:
«Саламатсызбы? Атыңызды билбегендиктен бул ырды «Бейтаанышка» деп койдук, кечирип коюңуз?

Сезбейсиз. Көптөн бери мага тааныш
чачыңыз, эриниңиз, иймегиңиз.
Мен – желге шуудураган кара камыш,
сиз мага от ыргытып бийледиңиз.
Көрүңүз карегимден өзүңүздү,
Көрүңүз менден күзгү чөптүн өңүн.
Түн менен таңдан бүткөн көзүңүздү
Ийигип, келет сүйгүм, өпкүлөгүм!

Чаңкаган көңүлүмдүн кушун салып
Жалбарам, унуттурбай жылдыз сизди.
Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,
Эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?»

Каттын аягына «1967-жылдын 27-октябры» деп жазылган. Акын ошондо 20 жашта экен. Ал эми ырдагы көркөм салыштыруулар, чыгарылган ой-бүтүмдөр кыйла такшалып калган акындын калеминдей.

Андан бери 36 жылдын обону кайрылыптыр. Кайран акындын 40 жылдай илгери күйүп-жанып жазган каттарын сары майдай сактап, бүгүн өз каражатына китеп кылып чыгарып отурган жубайы Клара Шырдакова эжеге суроо салдык:

- Эже, өзүңүз жазгандай, өткөн өттү, кеткен кетти. Непада, Кудайдын кудурети сиздерге дагы бир өмүр кайрыса, кантмексиз?

- Ооба, а дейбиз, бу дейбиз, Табылды экөөбүздүн тагдырыбыз өкүнүчтүүрөөк болду. Анткен менен Табылдынын уучу кур эмес. Кыздары, неберелери бар. Кайкыган өмүр дагы бир кайрылса, Табылдынын жанынан жарым карыш чыкпас элем, ажырашпас элем. Өмүрдүн кунун өткөндөн кийин билет турбайбызбы.

- Жээниңиз Алишерди Табылды агайга окшоштурат экенсиздер?

- Ооба, таятасына абдан окшош. Балким келечекте акын болоор деген да үмүтүбүз бар. Эң негизгиси - балдары аман болушсун, бактылуу болушсун.

Акын Табылды Мукановдун 1974-жылы кыздары Жоодур менен Айсулууга катка жазып жөнөткөн ырын угуп көрөлү:

«Туулган күнүң куттуу болсун, Жоодурум!
Ылдый тартсам жөлөгүм да,
өйдө тартсам өбөгүм!
Сени менен бирге болсун түбөлүк
Папаң, мамаң, бөбөгүң.

О, жаркыным, о, Айсулуу каралдым,
Карабагын бул турмушка
Миң көз менен тайсалдап.
Ушул гүлдөй эпкининде шамалдын
жүрбөгүлө жылуу-жумшак жай тандап.
Карагыла бул жашоого
Бир көз менен эч өчпөс!
Миң көздүүлөр – эки жүздүү…
өлүк, өлүк – кеп өтпөс!»

Бир кездеги бөбөк кыздарына жолдогон акындын бул ырларындагы ойлору кыздары Жоодур менен Айсулуунун өмүрүндө ата сөзү болуп ак кызмат кылганы айныксыз.

Акын Табылды Мукановдун «Арчадай жашыл элем» аттуу жыйнагына чейин «Каректеги жер», «Жүрөктүн кагышы», «Шуру жоготкон кыз», «Жан дүйнө» ыр китептери жарык көргөн. Акын ак ырдын – ойду калыпка салып кыспай, эркин берүүнүн устасы эле. Мындай ырларда уйкаштыруунун убарагерчилиги тартылбай, ой максатына жетет, күңүрттөнбөй, жарк этет.

Табылды Мукановдун «Жан дүйнө» жыйнагындагы «Адамдын монологу» аттуу ырын окуп көрөлү.

«О, ыйык жер, түпкүрүнөн түндү сүрүп күн өткөн,
О, ыйык жер, күздө алтын, кышта күмүш күрөткөн.
Жаз жамынган жамалыңа
Ыраа көрбөй жарыкты,
Толукшуган баралыңа
Кара мүртөз адамдар так салышты.
Мен ошондо…
Колумдан чыгарбадым намысты.
Акыйкатты калкан кылып жүрөккө,
Тутулган күндү жарк эттирип,
Жеңип чыктым күрөштө.
Мен өзүңдү өлгүс кылып сугардым
Канга эмес, мүрөккө!
Бүт дүйнөнү мекенимдей гүлдөтүп,
Согушчанды сүрдөтүп,
Тургум келет космос менен үндөшүп».

Табылды Мукановдун бул саптарында кечээ, бүгүн эле эмес, эртеңки түбөлүктүүлүккө да айтылаар ойлор камтылган. Алмустактан адамзаттын айгайы акындын он сап ичиндеги ойлору менен алпурушуп келатпайбы…

Акындын жаңы китебинин редактору Роза Бектурова айымдын оюн угалы:

- Мен окурман катары да акын Табылды Мукановдун ырларын сүйүп окуйм. Акындын ырларынын түшүнө билген адамдын ичин тазартып, жакшылык үчүн күрөшүүгө шыктантып турган жалындуу илеби бар. Жаңы чыгып отурган бул жыйнак да жан-дүйнөбүздүн тазарышына, байышына кызмат кылмакчы.
XS
SM
MD
LG