Жекшемби күнү АКШнын Космосту иликтөө боюнча мамлекеттик агенттиги Марска “Дельта-2” ракетасын учурууну аба ырайынын кескин бузулушуна байланыштуу эртеңкиге жылдырды. “Дельта-2” ракетасы Марска алты дөңгөлөктүү заманбап иликтөө аспаптары менен жабдылган аппаратты жеткирет. Марста жашоо барбы же жокпу деген маселени иликтөө максатында ушундай эле аппарат АКШнын Космосту иликтөө агенттиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда учурулган. Учурулган ракеталар Марска келээрки жылдын январь айында жетет.