Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

Румыниянын парламенти өлкөнү Европанын стандарттарына төп келтирүү үчүн дагы бир мыйзам кабыл алды

Кечээ кечинде Парламенттин төмөнкү палатасы жеке менчикке кепил болгон жана 2007-жылдан баштап чет өлкөлүктөргө Румыниядан жер сатып алганга уруксат берген мыйзамды жактырды. 2007-жылы Европа Биримдигине кирүүгө үмүттөнүп жаткан Румыниянын бир топ мыйзамдары уюмдукуна шайкеш келтирилүүдө. Мисалы, президенттин иш мөөнөтү мурдагы 4 жылдан беш жылдык мөөнөткө узартылат. Күчкө кирүүдөн мурда мыйзамдарды парламенттин жогорку палатасы жактырып, президент кол койууга тийиш.
XS
SM
MD
LG