Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

ИРАНДЫК БЕДЕЛДҮҮ ДИНИЯТЧЫ ИСЛАМ ЖАНКЕЧТИЛЕРИН АЙЫПТАЙТ


Бакыт Аманбаев, Прага. Жакында Daily Telegraph басылмасына Ирандагы таасирдүү диниятчылардын биринин ислам динине жамынган жанкечтилерди сындаган жана араб-израил талаш-тартышын чечүүгө үндөгөн мазмундагы макаласы жарык көрдү.

Daily Telegraph’тын 30-июндагы номуруна Ирандагы эң жогорку бийлик органдарынын бири - Иран революция сакчыларынын колбашчысы, генерал Йахйа Рахим Сафавинин бир тууганы, диниятчы аалым Саид Сафавинин каты жарыяланды. Кат ээси ислам жана христиан диндеринин өкүлдөрүн жана Израил жетекчилерин бир нече жылдан бери уланып келе жаткан араб-израил талаш-тартышын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырган. Учурда АКШ баш болгон айрым дүйнө өлкөлөрү жөөт-палестин карама-каршылыгын чечүүгө белселенип киришип жатканда, “исламчыл террорчуларга көмөктөшүүдө” деп айыпталган Ирандын жогорку бийлик өкүлүнүн мындай күтүүсүз кадамы дүйнө коомчулугун кайдыгер калтырган жок. Анткени Иран революция сакчылары өлкөнүн учурдагы диний башкаруу режимин сактоого умтулган, диний жана саясий чөйрөдө өтө олуттуу рол ойногон кеңсе. Ошондуктан, байкоочулардын пикиринде, кат аталган органдын өкүлүнүн бир тууганы тарабынан жазылып, Ирандын жогорку бийлиги тарабынан тымызын колдоого алынган болуусу ыктымал.

Кат ээси ислам динине жамынып алып, ар кандай бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган террордук аракеттерге барган жанкечтилерди кескин айыптайт. “Ислам дининде бейкүнөө адамдардын канына забын болуу кылмышкердик катары саналат. Мындай аракеттерди ислам дини колдобойт. Исламдагы принципиалдуу нерсе - бул кудаанын жер жүзүндөгү пенделерине каршы кара санатай иштерге барбоого үндөө. Эгерде биздин келишкис душманыбыз болсо, андай карама-каршылыкты чечүүдө биздин душмандарыбыздын бала-чаксын жана өзүбүздүн балдарыбызды айыптоо туура эмес”, - деп жазат кат ээси.

Таасирдүү радикал исламчыл өкүлдүн батыш массалык маалымат каражатына жарыяланган мындай каты Израил менен Ирандын ортосундагы мамиледе күтүүсүз кадам катары бааланды. Анткени айрыкча соңку мезгилдери АКШ жана Израил бийлиги Иранды “террорчуларды өз өлкөсүнө жашырып, өзөктүк куралдарды чыгарууга көмөктөшүүдө” деп айыптап, ортодо карама-каршылык күчөп келет. Катта Израил өлкөсүнүн мыйзамдуулугу тууралуу так пикир айтылган эмес. Ошондой болсо да каттын мазмунда Израил тарап менен кандайдыр бир тил табышууга болгон маанай ачык эле сезилет.

Кат ээси учурдагы Жакынкы Чыгыштагы абалга да токтоло кеткен. Анын пикиринде, Израил менен палестиналыктардын утурумдук элдешүүсүнө динний өкүлдөр тартылбагандыктан ал олуттуу натыйжа алып келбейт.

“Диний жетекчилер саясатчыларга караганда оор басырыктуу, ошондуктан аларга мындай талаш-тартышты чечүүдө чечүүдө негизги ролду берүү керек” деп жазат кат ээси Саид Сафави.

Ошентип, каттын башынан аягына чейин Изарил тарап менен элдешүү, террорчулукту токтотуу маанайын туюуга болот. Каттын мазмуну, өз мезгилинде, азыркы АКШ баш болгон дүйнө коомчулугунун башкы максаты менен үндөшөт. Ушул өңүттөн алганда, айрым саясатчылардын пикиринде, мындай мазмундагы кат учурдагы Ирандын жогорку бийлиги тарабынан АКШнын Иранга болгон кысымынан арылыш үчүн атайылап деле жазылышы толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG