Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ИЙНЕ КӨЗҮНДӨЙ ИШЕНИЧ


Иерусалимде израил жана палестин премьер-министрлери эл аралык тынчтык планын жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулашты. Бул максатта тараптар биргелешкен төрт комитет түзүүнү чечишти. Ариэл Шарон региондо жаңжалды жөнгө салып, тынчтыкка жетишүү үчүн канчалык кыйын-кычыктуу болсо да мунасага барганга даяр экендигин ырастады. Ал эми Махмуд Аббас эки ортодогу чатакты саясий мүнөздөгү калаба деп сыпаттап, аны саясий жолдор менен гана чечүүгө болорун билдирди. Шаршемби күнү түштө Израил армиясы Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарын палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүп беришти.

Ариэл Шарондун баасында, эки элдин тең баракатчылыгын жана ооматтуу келечегин камсыз кылганы азыр жаңы мүмкүндүк түзүлүп отурат. Мындай удул,жөөт премьеринин айтымында, буга чейин, балким, болбосо керек. “Биз силер менен урушканды каалабайбыз, - деп айтты Шарон. - Биз силерди башкаргыбыз же тагдырыңарды аныктагыбыз келбейт. Биз силер менен жакшы коңшу болуп, өз ара урматташып жана кызматташып, мамырчылыкта жашагыбыз келет”.

Ушундай максатка жетишүү үчүн Шарон канчалык кыйын-кычыктуу болсо да палестин тарабы менен мунаса түзгөнгө даяр экендигин ырастады. Бирок мунун террористтерге эч кандай тиешеси жок, деп эскертти Шарон.

Өз кезегинде палестин премьери Махмуд Аббас мунасага келе албаган ар бир күн ушундай мүмкүндүктү бөөдө колдон чыгарган күн экенин, кыйылган ар бир өмүр – чоң кайгы-касирет алып келип жатканын айтып, мындай мүшкүл-тозоктон, азар-жабырдан арыла турган маал келгенин белгиледи. “Биздин жаңжалыбыз – саясий жүйөөдөгү чатак, андыктан аны саясий чаралар аркылуу гана чечүүгө тийишпиз, - деп айтты Аббас. – Палестиналыктар израил элин душман эсептебейт жана аны менен жаңжалды улантканга кызыкдар эмес”.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки премьер биргелешкен төрт комитет түзүп,аларга коопсуздук, терроризм жана соода-сатык проблемалары менен арпалышуу милдетин табыштамак болушту. Дагы бир комитет Израилдин түрмөлөрүндө жаткан палестиналыктардын маселесин териштирет. Мындан тышкары Израил палестин автономиясынын лидери Ясир Арафаттын резиденциясын да курчоодон бошотконго сөз бергени туурасында да маалыматтар айтылууда. Арафат өзүнүн Рамалладагы кеңсесинде 2001-жылдын декабрынан бери эч жакка чыга албай, камалып отурат. Израил өкмөтү анын коопсуздугун кепилдегенден баш тарткан эле. Бу жолу деле Арафат бар болгону Газа тилкесине гана бара алат, бирок андан ары бут таштаса, буга жөөт кабинети жооп бере албайт.

Шаршемби күнү чак түштө Израилдин аскерлери Вифлеем шаарын палестин автономиясынын коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлдүгүнө өткөрүп беришти. Бул операция алардан кандайдыр бир аскер бөлүктөрүн кайра которуштурууну талап кылган жок. Бирок алар эми мурдагыдай бул шаарда шек туудурган палестин тургундарын кармап,камакка ала албайт. Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бу калаанын кайрадан автономиянын юрисдикциясына өткөнүн байкоочулар эл аралык “жол картасы” планын жүзөгө ашыруунун маанилүү учуру катары атап жатышат.

Британдык “Гардиан” гезити Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзүнүн баш макаласын арнап, дээрлик миң күндүк зобун-зомбулуктардан жана үч миңден ашуун бейжазык кишинин өмүрү кыйылган соң региондо саясий сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине, борпоң коопсуздукка ийненин көзүндөй болсо да ишенич пайда болгондугун белгиледи. Мунун себебин газета Ирактагы окуялардын натыйжаларынан көрөт. Дүйнөдө жаңы согуш отун тутанткан президент Буш эми дүйнөдө тынчтыкты бекемдөө жөнүндөгү убадасын аткарганга киришти, деп көрсөтөт газета. Ошону үчүн Шарон мындан туптуура отуз алты жыл мурда башталган жөөт оккупациясын токтотууну талап кылган америкалык планга макул болду.

Ариэл Шарон менен Махмуд Аббастын соңку жолугушуусун жана анда жетишилген макулдашууларды Вашингтондо чоң алымсынуу менен комментариялашты.

XS
SM
MD
LG