Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Тышкы иштер министри Норвегиянын делегациясын кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Норвегия Королдугунун айлана-чөйрөнү коргоо министри Бьерге Бренде айым менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Норвегиянын ортосундагы экология жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Норвегия тарап Кыргызстандагы таза суунун абалын иликтөөгө жардам иретинде өз адистерин Кыргызстанга жөнөтүү ниетин билдирди. Бьерге Бренде айым Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча комитетин да жетектегендиктен, жолугушууда Кыргызстандагы уран калдыктарына байланышкан проблемаларды эл аралык уюмдардын деңгээлинде чечүүнүн жолдору тууралуу да сөз болду. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
XS
SM
MD
LG