Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ БАҢГИЛЕРДИ ТОО-ТАШ МЕНЕН АЙЫКТЫРА АЛАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев баңгилерди дарылоо ыкмасына эски диний ырым-жырым кошууну чечти. Эми Ж.Назаралиевдин медициналык клиникасына жаткан ар бир баңги менен аракечке Таштарата тоосунан алынып келинген ташты карматышат. Оорулуу дарыланып аткан учурда ошол таш жанынан чыкпайт. Ж.Назаралиевдин клиникасынан үйүнө кетээринде баңгилик же аракечтик менен алпурушуп аткан адам ошол ташты тоого көтөрүп чыгып, өзүнөн алыс ыргытышы керек.

«Баңгизатсыз акыл-эс» дүйнөлүк лигасын түзгөн Жеңишбек Назаралиев чет мамлекеттен келген жарандарды Кыргызстандын чен-өлчөмү менен алганда кымбат дарылайт. Мисалы, алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер бир дарылоо курсу үчүн 5,5 миң доллар, орусиялыктар 4250 доллар, ал эми кыргызстандыктар 1 миң доллар төлөйт. «Мен канча кыргызды бекер дарыладым», - деп Назаралиев 2-июлда дагы бир жолу баса белгиледи. Бул сөзүн журналисттерге дайым кайталайт. «Бекер бир же эки кыргызды дарылашым мүмкүн, бирок 2 миң кыргызды бекер дарылай албайм да», - дейт Назаралиев.
Бул клиникада баңгиликтен арылууну көздөп чет өлкөлөрдөн келгендер басымдуулук кылат. Жеңишбек Назаралиевден дарыланып чыккандардын көңүлү келгени клиниканын ырасмий өкүлү катары катталат, буга жараша ал өз мекенинде жаңы оорукчандарды табууга тийиш. Баңгиликтен кутула албай жүргөндөр тээ АКШдан же Германиядан адатта бири-биринен угуп келишет.

Грецияда төрөлгөн Дмитрий Паппас үч жыл бою кокаин чеккен. Америкадагы «12 кадамдан турган дарылоо» ыкмасы жардам берген эмес. Сан-Диегодогу бир таанышынан Назаралиев жөнүндө угуп Бишкекке келип, ушул жылдын башында бир ай дарыланган. Жеңишбек Назаралиев Дмитрий Паппасты баңгиликтен айыктырыш үчүн илгерки диний ырым-жырымды пайдаланаарын 2-июлда «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде жарыялады. Чүй боорундагы Бешкүңгөй айылынын жанындагы Таштарата тоосунда атайын жөрөлгө болмокчу. Ал тоодон Дмитрий өзү тандаган ташты он күндөн бери көтөрүп жүрөт. 8-июль күнү Дмитрий ошол ташты 25 чакырым жерге көтөрүп барат. Эртең мененки саат 7де жолго чыгып, Таштарата тоосуна чейин жөө барат. Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, бул жөрөлгөнүн убагында Дмитрийдин кан басымын текшерип, саламаттыгын караган «тез жардам» машинасы бирге жүрөт. Колундагы киши башындай ташты Дмитрий Паппас Таштарата тоосуна ыргытаары менен баңгиликтен арылгандай эс ала түшүшү керек.

Жеңишбек Назаралиев бул диний ырым-жырымды баңгиликтен адамдын денесин гана эмес, акыл-эсин да сууруп чыгыш үчүн ойлоп тапты. Аскетизмге негизделген бул жөрөлгө христиан дининде, исламда жана буддизмде болгон. Кечил болуп үй-бүлөсүн да, байлыгын да таштап, жалгыз дүйнө кезип кетчүлөр ушундай баш тартуу убадасын беришкен.

- Аскетизмдин да ар кандай формалары бар. Илгери дербиштер баш тартуу убадасын бергенден кийин жапжалгыз жер кезип кетишчү. Мындайда адам коомдон обочолонуп, өзү менен өзү калып, өзүнүн «менин» таанып, өзүн-өзү тарбиялайт. «Баңгизаттарды пайдаланбайм» деп убада берет. Ошол убаданы бекемдеш үчүн оор ташты көтөрүп барып тоого ыргытат. Бул илгерки ырым-жырым. Эми аны баңгиликке каршы күрөштө пайдаланууну чечтик, - дейт Женшибек Назралиев.

Уйкулуу көздөрү менен көңүлкөш карап отурган Дмитрий Паппас жылдын башында бир ай дарыланып, Сан-Диегого кайткан. Үйүнө баргандан кийин үч ай жакшы карманган. Андан кийин турмушундагы жагымсыз окуяга көңүлү чөгүп, кайра нашаага кирген. Бишкекке кайтып келгенине 10 күн болду. Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, Дмитрийдин каны тазаланып, бир аз оңоло түштү. Ташты маңдайына коюп, андан кереметти үмүтөтүп отурган Дмитрийди сөзгө тарттык.

- Дмитрий мырза, баңгиликке берилгениниңизге 3 жыл болуптур. Азыр акыбалыныз кандай? Баңгизатка мамилениз өзгөрдүбү?

- Ушул маалда мен нашаа чекким келген жок. Он күн ичинде ошол тартылуу сезимим буулду. Эми жан-дүйнөмө кезек жеткенде баңгизаттан арылганга аракет кылам. Ага Таштарата тоосу жардам берээрине ишенем.

- Сиздин жакындарыңыз барбы? Сизди мынабу таш эмес, жакын адамдарыңыз ушул акыбалдан сууруп чыгышы ыктымал деген ой келген жокпу?

- Үй-бүлө, бала-бакыра, достор деген маанилүү экенин түшүнөм. Өзүңдүн жан-дүйнөңө үңүлүп, өзүңдү-өзүң түшүнүшүң керек. Үйүлүп калган проблемаларыңды көтөрүп чыгууга күч тапканга аракеттенгениң ийги. Ал эми жакындарың жөн гана колдоо көрсөтө алат.

- Сиз бир жолу дарылангандан кийин үйүңүзгө барып кайра нашаа чегип алгансыз. Дагы ошондой болсо кантесиз?

- Мен кайра баңги болуп кетпесиме кандай ишенип турганымды сөз менен жеткире албайм. Жашоомдо баңгиликке түрткү болгудай кайсы бир себеп болооруна ишенбейм. Эгер андай себеп табылып калып, нашаа чегип алсам кайра Назаралиевге келем.

Анын айтымында, АКШдагы «мен» деген наркологдор, бир да абройлуу клиника ага жардам бере алган жок. Бирок, таш ыргытуу ырымына катуу берилип алыптыр. Он күн ичинде эле баңгиликти жеңээрине ишенип калган америкалык жаран Назаралиевдин клиникасын сөз арасында улам-улам мактады. Көздөрүндө болсо боштук жана коркунуч. Эмнеси болсо да, 25 чакырым жерди аман-эсен басып өтүп, баңгилик деген балээден ылайым кутулсун деп тилейбиз.

XS
SM
MD
LG