Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Израиль менен палестиндердин ынтымагы кыл учунда турат


Бүгүн Израиль Иордандын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарына көзөмөлдүк кылуу макулдашуусун палестиндер бузгандыгы үчүн нааразы болуп, палестиндердин карамагына дүйшөмбү күнү өткөн чоң жолду жаап салып, кайра ачты. Жолду жабууга Газа секторундагы жөөттөр турган айылга кечээ үч ракетанын атылганы себеп болгон эле. Жол бүгүн мындай атуу болбогондон кийин ачылды. Израилдин атайын кызматы Иордандын батыш жээгиндеги Калкилия шаарында “Ал-Аксанын шейит кеткендер бригадасы” тобунун бир мүчөсүн атып, бирөөнү колго түшүрүштү. Палестинанын премьер министри Махмуд Аббас дүйшөмбү күнкү жардырууну “террористтер гана атайылап жасады” деп айыптады. Палестин менен Израилдин ортосундагы келишимди кечээ кубаттаган АКШ президенти Жорж Буш элдешүү үчүн эки тарап тең душмандык касташуу сезимдерин азайтуусу зарыл экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG