Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

12-ИЮЛДА ТӨРТҮНЧҮ «ТЕГЕРЕК СТОЛ» ЖЫЙЫНЫ ӨТӨТ


12-июлда Бишкекте төртүнчү “тегерек стол” жыйыны болот. Бийлик демилгеси менен өтө турган жыйындын күн тартибине 3 маселе киргизилүүдө. Буга чейинки «тегерек столдордо» эмне маселелер талкууланган жана 12-июлда кандай маселе каралат?

Бийликтин демилгеси менен алгачкы «тегерек стол» жыйыны 2000-жылы июль айында парламенттик шайлоодон кийин өткөрүлгөн. Ал кезде шайлоодо жеңип чыккан Феликс Кулов, Данияр Үсөнов сыяктуу чыгаан саясатчылардын соттун күчү менен депутаттыктан четтетилиши кыргыз коомчулугунда карама-каршылыкты, эл аралык уюмдардын, демократиялык мамлекеттердин кыргыз бийлигине сынын күчөткөн. Бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог керектиги ар тараптан айтылып, «тегерек стол» жыйыны өткөрүлгөн.

Андан кийинки экинчи «тегерек стол» 2001-жылдын 17-февралда «Кыргызстан XXI кылымдын босогосунда: демократиянын шартында коопсуз жана туруктуу өнүгүү» деген темада президенттик шайлоодон кийин өткөрүлгөн. Анда оппозициялык күчтөр ошол кезде абакта жаткан Топчубек Тургуналиевди бошотуу, тартип коргоо органдары тарабынан куугунтуктала баштаган Феликс Куловдун маселесин чечүү сыяктуу маселелерди козгошкон.

Андан кийинки үчүнчү «тегерек стол» былтыр 26-июлда Аксы окуясынан кийин көтөрүлгөн «Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү» деген ураан астында «Кыргызстан элинин келечеги үчүн биргелешип аракеттенүү жана кызматташуу» деген темада өтүп, Аксы окуясынан кийинки өлкөдөгү кырдаал талкууланган. Бирок үчүнчү «тегерек стол» жыйынына оппозициялык күчтөрдүн бир бөлүгү катышкан эмес. Андан тышкары, ошол «тегерек стол» жыйынында президент Аскар Акаев «Азаттык» радиосун «бир жактуу маалымат таратууда» деп айыптаса, укук коргоочу Турсунбек Акун президенттин мындай пикирине каршы экенин билдирген.

Эми мына 12-июлда кезектеги, төртүнчү «тегерек стол» жыйыны өтөөрү кабарланууда. Бул жолку жыйын да мурдагыдай 21-21-21-21 форматында өтмөкчү. Башкача айтканда, бийликтен 21, саясий партиялардан 21, бейөкмөт уюмдардан 21 жана маалымат каражаттарынан 21 өкүл катышат. Төртүнчү «тегерек столдун» күн тартибине кандай маселелер киргизилгени тууралуу Президенттин алдындагы эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун башчысы Валентин Богатырев буларды билдирди:

- «Тегерек столдо» азыркы түзүлгөн жаңы кырдаалда бийлик менен коомдун байланышы кандай болушу керек экендиги талкууланат. Андан тышкары, үч тема боюнча талкуу болот. Алар - саясий партияларга, бейөкмөт уюмдарга жана маалымат каражаттарына байланыштуу темалар.

Кезектеги «тегерек столго» карата коомдогу саясий күчтөрдүн пикири ар түрдүү болууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров баш болгон радикалдуу оппозиция өкүлдөрү ага катышуудан баш тартышты.

- Биз «тегерек столдун» күн тартибинде Аскар Акаевдин кызматтан кетишине байланыштуу бир маселе болсо гана катышабыз. Андан башка маселе боюнча катышпайбыз. Акаевдин кызматта отурууга моралдык укугу жок деп ойлойбуз, - дейт Бекназаров.

Ал эми «жумшак оппозиция» деп аталып келаткан «Кыргызстан элдик конгрессинин» өкүлдөрү тегерек столго катышаарын билдиришти.

- Биз ар кандай диалогдорго катышууга даярбыз. Анткени анда маселе чечилбесе да, кимдин ким экендиги эл-журтка көрүнөт, позициялар айкындалат. Мунун өзү абдан маанилүү, - дейт анын себеби тууралуу «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Бир топ интеллектуалдар кирген «Адилеттүүлүк жана прогресс үчүн» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев алдыдагы иш-чаранын натыйжасы болооруна ишенбейт.

- «Тегерек стол» натыйжалуу болбойт. Ал кезектеги эле «тегерек стол» катары өтөт. Бийлик өз сөзүн айтат, оппозиция катышса өз сөзүн айтат. Ошону менен жыйынтыкка келишпейт. Анан мурда өткөн «тегерек стол» жыйындарынын деле натыйжасы болгон эмес. Ошондуктан бул иш-чаранын жемиштүү болооруна ишенбейм, - дейт Муратбек Иманалиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG