Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ошто кытайлык ишкер киши колдуу болду


БИШКЕК. Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевден алынган маалыматка караганда, 29-июнда Ош шаарында кытайлык ишкер, 33 жаштагы Такавал Усман кыргызстандык жарандын колунан бычак жеп, каза тапты жана анын сөөгү Кытайга жөнөтүлдү. Т. Усмандан башка да кытайлык эки ишкер - 60 жаштагы Абдыкадыр Уман жана 32 жаштагы Асанжан Кадыяр ошол кылмышкердин колунан бычак жеп, жарадар болушкан. Милиция кызматкерлери бычак сайган жаранды камап, анын үстүнөн кылмыш ишин козгошту. Окуядан кийин Ош шаарына барган Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Цао Вея жана Кытайдын Кызылсуу автоном облусунун соода өкүлү Ли Чинхай Ош облусунун күч органдарынын жетекчилери менен кезигишти. Жолугушууда кытайлык жарандардын өмүрүн жана мүлкүн сактоо маселеси талкууланды. Айрым маалыматтарга караганда, бир эле Оштогу Карасуу базарында 600дөй кытайлык жарандар эмгектенет.

XS
SM
MD
LG