Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКС, ИДЕОЛОГИЯЛЫК ХАРТИЯ, ЖАҢЫ ПАРТИЯ ЖЕТЕКЧИСИ, БИШКЕК АРХИТЕКТОРУ


Демократиялык кодекс менен Идеологиялык хартия, жаңы партия жетекчисинин пикири, бийлик кумары, саясатчылардын жайкы эс алууга тараганы - кыргыз басылмаларынан түшпөгөн темалардан. Өкмөттүк жана эркин гезиттердин кайым айтышуусу, сергек жашоо чакырыгы улуттук идеология чакырыгына айланганы, жазуучунун балалыгы, чет өлкөгө сатылган кыздардын азабы кыргыз басылмаларында кеңири чагылдырылууда.

Сөз эркиндиги келгенден бери кыргыз журналистикасы үчүн жаңы көрүнүш - өкмөттүк, эркин гезиттердин кайым айтышуусу күчөдү. «МСН» гезитинин жаңы санында бул темага эки макала арналган. «Слово Кыргызстана» гезитиндеги Б.Бердиев деген автордун жазгандарын төгүндөп Рина Приживойт менен Людмила Жолмухамедова жооп жазышкан. «Президенттин жубайы жаңы китебинин бетачаарында Аксы окуясын жалпыга жарыя кылбаса, ал дүйнө коомчулугунун баамынын сыртында калмак, аны ачыкка чыгаргандар жазасын алышаарын айтты», деп белгилейт Л.Жолмухамедова. Автордун жазышынча, «Моя столица - новости» гезитин бийлик банкроттукка кабылтты. Николай Танаевдин өзүнө эле гезит 1 миллион сом айыппул төлөп бериши керек эле. «Чындыкты жазган гезиттердин соттон утулушу дагы улантыла берет», дейт макала автору. Анткени гезит «майкөл-сүткөлдү» татканып калгандардын мыйзамсыз иштерин жалпыга жарыя кылып келатат. «Президенттин ишмердигинин мамлекеттик кепилдиги жөнүндөгү» мыйзам тууралуу Рина Приживойт ой жүгүрткөн. Автордун айтымында, непадам А.Акаев кызматтан кете турган болсо, азыр алып отурган айлыгынын 80% пенсия катары алат, өзүнчө катчылык ачып, анда иштегендерге өзү каалагандай айлык коюп берет. Мамлекеттин маанилүү маселелери боюнча пикирин айтып, элге кайрылууга укуктуу. Мыйзам авторлорунун ырасташынча, экс-президентти багууга мамлекеттик бюджет эсебинен 3 миллион сом коротулат экен. Мыйзам авторлору мынчалык акча бир жылга же бир айга бөлүнөөрүн такташкан эмес.

Рина Приживойттун болжолунда кийинки президенттик шайлоого Майрам Акаева катышуусу мүмкүн. Анткени республикадагы кирешелүү ишканалардын көбү «үй-бүлөнүн» колуна өткөн. Автордун оюнча, биринчи леди президенттикке умтулса административдик ресурс толугу менен анын пайдасына иштейт.

Кыргызстанды 24 жыл башкарган коммунисттик лидер Турдакун Усубалиевдин кыштак тибиндеги Фрунзени кантип мармар таштуу шаарга айланткандыгы Анастасия Бахтинанын «Усубалиев менен сейилдөө» деген макаласында баяндалган.

«Парламент күзгө чейин каникулга тарады, саясатта эми тынчтык орнойт», деп жазды жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Казыбек Абдиев. «В конце недели» апталыгы менен «Кыргыз туусу» гезиттеринин жаңы санында Кыргызстандын «Демократиялык кодекс» концепциясынын долбоору, өлкөнүн идеологиялык программасы жарыяланды. Идеологиялык программада ар бир адам жекече демилгени арттырып, атаандаштар арасында алдыда жүрүшү, бардык иште чыгармачылык менен эпчилдикти көрсөтүшү керек экендиги айтылган. «Демократиялык кодекс» концепциясында жашоонун сергек ыңгайына көчүү, тамеки, арак, нашаадан алыс болуу, тамакты ченеп ичүү тууралуу кеңеш берилет. «В конце недели» апталыгында жаңы уюшулган «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин маеги жарыяланды. Анын пикиринде, өкмөт мүчөлөрү жагдай тууралуу так маалыматты билиши керек, аны өзүнөн жогору тургандарга жасалмалап кооздобой, болгонун болгондой айтып турушу зарыл.

«Заман Кыргызстан» гезитинин жаңы санында Чыңгыз Айтматовдун өз балалыгы тууралуу эскермеси жарыяланды. Уруш учурунда салык чогултуучу болуп иштеген боконосу ката эле жаш баланын көргөн-бакканы, айыл турмушунун оорчулугу, адамдардын өз ара мамилеси жазуучунун түрк тилинде жарык көргөн «Балалыгым» деген китебинен которулуп басылган.

Улуттук Банкта иштегендер элдин акчасын өз кызыкчылыгына иштетип, эл кыйналып жатса банкирлер жыргап жатышканын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Виктор Виноградов «Улуттук Банктын сүйгүнчүк оюну - жашынмак» деген макаласында баяндаган. Араб Эмираттарына алданып барып сатылып кеткен кыргыз кызын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы кантип куткарып чыкканы Асел Оторбаева менен Чынара Асанованын макаласында жазылат. Авторлордун ырастоосу боюнча, ушул азыр да канча кыз чет өлкөгө алданып барып, сатылып кеткени тууралуу так маалымат жок.
XS
SM
MD
LG